www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылы Ооганстандан баңги аткезчилиги 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өскөн. Жогорудагы цифраны республикада баңги затын кармагандардын санынын өсүшү тастыктап турат. Бул тууралуу Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахман бүгүн, 18-октябрда Душанбе шаарында терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык жана аймактык кызматташтык боюнча жогорку деңгээлдеги конференцияда билдирди.
«Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү террористтердин материалдык жана каржылык колдоосу болуп саналат. Эгерде 2020-жылы биз [Тажикстанда] 2,5 тоннага жакын баңги затын конфискациялаган болсок, 2021-жылы бул сумма 4 тоннага чейин өстү, башкача айтканда, Афганистандан баңги аткезчилигинин агымы дээрлик эки эсеге көбөйдү», - деди башкы прокурор.
Ал белгилегендей, бул жагдай баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө кызматташууну жана иш-аракеттерди координациялоону күчөтүү зарылдыгын тастыктайт.
Эске салсак, жыйында сөз сүйлөгөн президент Эмомали Рахмон согушкерлердин Жакынкы Чыгыштан башка аймактарга өтүшү Ооганстандагы террордук уюмдардын позициясын бекемдеп, Борбор Азия чөлкөмү үчүн олуттуу коркунуч катары караларын айткан.