www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын Lufthansa авиакомпаниясына караштуу Eurowings авиакомпаниясынын учкучтарынын кечээ түн жарымында баштаган жана үч күнгө созулушу пландалган иш таштоодон улам өлкөнүн ири аэропортторунда көптөгөн каттамдар токтотулду. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Дюссельдорф аэропортунда кечээ пландалган 160 каттамдын 84үнүн жана Кельн/Бонн аэропортунан 63 каттамдын 35инин токтотулгандыгы белгиленди.
Штутгарт, Мюнхен жана Гамбург аэропортторунда да каттамдар токтотулуп, Eurowings билетин алган бир нече жүргүнчүнүн билеттерин алмаштырууга туура келгени маалымдалды.
Учкучтар мүчө болгон Vereinigung Cockpit (VC) профсоюзу бул иш таштоонун натыйжасында жумушчулар үчүн жакшы шарттарга жетишүүнү каалайт.
Eurowings жетекчилиги жылына 10 кошумча эс алуу күнүн сунуштап, профсоюз мунун кеминде 14 күн болушун талап кылууда.
Eurowings башкаруусу ачык катта дүйшөмбү күнү эки орундуу миллион еврого чыгым болгон иш таштоонун каржылык кесепеттери тууралуу эскертип, иш таштоо улантыла турган болсо сунуштарын кайтарып аларын эскертти. Кечээ башталган учкучтардын иш таштоо кыймылынын 19 - октябрь саат 23:59га чейин улантылышы күтүлүүдө.