www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Алишер Эрбаев менен Сүйүнбек Өмүрзаковдун ортосунда кайым айтышуу болду.

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө КМШга мүчө-мамлекеттердин макулдашуусун ратификациялоону талкуулоодо депутат Алишер Эрбаев кесиптеши Искендер Матраимовго эскертүү жасады.

Ал мамлекеттик органдар расмий котормосу жок чийки документ алып келип, мөөнөтүн аткарбай жатканын билдирди.

"Аппарат, көңүл буруңуз! Документтердин мөөнөтү өтүп кеткен, расмий котормосу жок. Искендер Исмаилович, комитеттин төрагасынын орун басары катары бул сиздин кемчилигиңиз", - деп ачууланды ал.

Талкууга комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков кийлигишип, мыйзам долбоору чындап эле кечигип келгенин белгиледи.

"Мунун жүйөлүү себептери бар - Баткен окуясы. Жетекчилик аны кийинкиге калтырууну суранды. Мен кыргызча түшүндүрдүм. Сиз да комитеттин мүчөсү экенсиз, анда эмнеге сиз көз салбайсыз? Сизге ким тоскоол болуп жатат?! Публикага ойногонду токтотуңуз. Исмаил Исаковичке эскертүү берип жатасыз. Бул жерде сиздин комментарий берүүгө укугуңуз жок", - деди Өмүрзаков.

Эрбаев Өмүрзаковдун да комментарий берүүгө укугу жок деп жооп берди.

“Сиздер комитетти нормалдуу – мыйзамдын жана регламенттин алкагында башкарыңыздар”, - деп талап койду депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости