www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын белгилүү актрисасын атып кетишти

Ооганстандын белгилүү актрисасын атып кетишти. Бул тууралуу чет элдик булактар жазды.

Окуя 25-августта болгон. Жаракат алгандан кийин дароо ооруканага жеткирилип, ага оперция жасалган. Сахардан сырткары анын жан сакчысы менен айдоочусу дагы жаракат алышкан.

Согушкерлер Суба бара жаткан унаага ок чыгарышкан. Азырынча кол салуу үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

Суба Сахар Ооганстандагы белгилүү актрисалардын бири. Ал ачык эле аялдардын укугун коргоп, кино индустриянын маанилүүлүгүн айтып келет.

Ошондой эле ал полиция кызматкери катары даярдыктан өткөн жана Ооганстандын Ички иштер министрлигинде иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости