www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын Коргоо министрлиги Гилменд провинциясында эки тик учак кагылышканда тогуз киши курман болгонун билдирди. Кырсык 14-октябрдын түнүндө «техникалык себептерден» улам болгону кабарланды. 

Гилменд чөлкөмүндө талиб согушкерлери менен армиянын кармаштары бир нече күндөн бери уланып жатат. 

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашкандай, карапайым адамдар арасында жоготуулардын алдын алыш үчүн аскерлер буга чейин чегинип, эми ошол жерлерди кайтарууга аракеттенишүүдө. 

12-октябрда АКШ аскерлери ооган күчтөрүнө көмөктөшүп абадан сокку урушканын билдиришкен. 

Кармаштар Катарда Кабул өкмөтүнүн өкүлдөрү менен кыймылдын сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан кезде болуп жатат.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости