www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевди сот күнөөлүү деп чечим чыгаргандан кийин камакка алса туура болмок. Бул тууралуу премьер-министр болуп жаңы дайындалган Садыр Жапаров мамлекеттик резиденциядагы маалымат жыйында билдирди.

«Атамбаевди азыр үй камагына чыгарып, сотко катыштырып, сот күнөөлүү деп чечим чыгаргандан кийин камакка алса туура болот эле деп ойлойм. Ал эми жанагы унааны Садыр Жапаровдун адамдары атты, криминалдар атты, аны криминалдар колдоп жүрөт деген туура эмес. Өзүлөрү сценарий жасап, бизди элге жаман аттуу кылып көрсөтүү үчүн жасалган иш-чара болчу. Ал далилдердин бардыгы биздин колубузда бар. Ак ийилет бирок сынбайт дейт. Мындай жаман нерселер 21-кылымда, интернеттин заманында бат эле билинип калат», - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости