www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандагы Кабул университетинде атышуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Учурда коопсуздук кызматкерлери имаратты курчап турушат. Ички иштер министрлигинин өкүлү Тарик Ариан атышуу уланып жатканын кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге спецназ жөнөтүлгөн. Ошондой эле жарылуу болгон мекемеге бир канча куралчан адамдардын кирип кеткени маалым болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча чабуулдан кеминде төрт адам жаракат алган. Жабыркагандар мугалим менен студент экени айтылууда. Азыркы учурда каза болгондор боюнча так маалымат жок.

Ал эми “Талибан” кыймылы университеттеги акыркы кол салууга тиешеси жок экенин билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн окуу жайда Иран китептеринин жармаңкеси өтмөк, ага бир катар жогорку даражалуу кызматкерлер катышары кабарланган.

Эске салсак, былтыр ушул кампустун алдында жардыруу болуп, сегиз адам каза болгон. 2016-жылы болсо согушкерлер Америкалык университетке кол салып, 13 адам набыт болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости