www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын Тажикстандагы элчиси дипломатиялык миссиянын эсебине ооган каржы министрлигинен 800 миң доллар түшкөнүн кыйыр түрдө тастыктап, “Талибан” бул акчаны кайра кайтарууну талап кылууга укугу жок экенин айтты.

“Талибан” бул каражатты кайтарууну талап кылууга укугу жок, себеби Ооганстан элчилиги Ооганстан Ислам Республикасынын расмий мекемеси болуп эсептелет. Бул жакка ар түрдүү сумма түшөт жана ал боюнча суроо берүүгө талибдердин эч кандай укугу жок, - деди элчи Мухаммад Захир Акбар.

“Талибан” өкмөтү өткөн айда Ооганстандын Душанбедеги элчилигине жаңылыш түрдө 800 миң доллар которуп алганын билдирген. Ооганстан Ислам эмиратынын ТИМи элчиликке кайрылып, акчаны кайра кайтарып берүүнү талап кылган.

Буга чейин айрым ооган басылмалары 800 миң долларды элчи Мухаммад Захир Агбар өз чөнтөгүнө салып алганын жазышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости