www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРК кытыратып валюталарды жеп жатышканы тууралуу мезгил-мезгили менен эл оозунда айтылып калат. Шайлоолор алдында рекламалардын наркы асмандап секундасына миңдеген долларлар КТРКнын капчыгына түшүп турат. Деги бул валюталар КТРКнын капчыгына түшөбү же тоңкулдактын балапан жөжөсүндөй оозун араандай ачып турушкан атка минер кызматкерлердин чөнтөгүнө түшөбү?

КТРКнын криминалдар менен кандай байланышы бар?

КТРК спорт каналын карап отуруп ар кандай ойлор келет. Шайырбек Арапов ушул спорт каналынын продюсери. Эл оозунда айтылып жүргөндөй кримавторитеттин спортчу кызынан 400 доллар алып коюптур. Оңой жигит эмес экен. Кримавторитеттин атын укканда башкалар кирерге тешик таппай калса, КТРК спорттун продюсери болсо аптыракатын карабайт, ким болсо да ага акча бериш керек. Ошондуктан, бул каналдын кан басымы эл алдында ылдыйлап, коомчулукта акча менен булганган канал катары баалашат. Бул каналдын өсүшүнө кызыкдар болуп, дагы бир чоң долбоор менен келген кыздан 50 доллар акча үмтөтүп, же бул жакшы долбоордон жок, же тиги шордуу кыз ал сураган акчаны бере албай, ортодо жакшы долбоор ишке ашпай калган.

КТРК спортто дикторго ылайык кызматкерлер жокпу же КТРК спорттун күнү бир ушул кызга түшкөнбү диктор катары алып жүргөн Курманова Адинай талапка жооп бербейт. Илгери телеге өңүнө карап чыгарчу эле, тиши да орсойгон, тилинде да деффект бар, анан алып баруучулук жөндөмү жок кайталанма, мындан беш-алты жылкы эски берүүлөрдү кыргыздарга эмне дейби бере берет. Азыр заман башка кыргыз болобу, орус болобу, англис болобу жаңы же орусча айтканда “свежий” жаңылыктарды уккусу келет. КТРК спорт эскирген, эч кимге кереги жок берүүлөрдү таңуулай берет. Анан кантип кыргыз эли өнөбүз?

КТРКда дикторлор элге кантип тарбия көрсөтөт?

Көрсө, бул Курманова Адинайдын КТРК спортто диктор болушуна себеп бар экен. Анткени, жаш болсо да бул кызда тубаса жагымпооздук бар экен. Кошоматка кой сойгон бул диктор чалыш неме кызматтык этиканы биле бербегенинен бул каналдын убалына калчудай. Анткени, дикторду көрүп кийинки муундар тарбия алат. Диктордун тигиндей жүрүш-турушу бар экен дешип жаш муун кылчак-кылчак карашат. Курманова Адинайдын көпчүлүккө көрсөтө турган тарбиялык маанайда ныпым эч нерсеси жок. Же эмне эмки жаштар анын жетекчиси Шайырбек Араповду күнбү, түнбү кошоматка кой союп, бетинен беш өөп турса аны туурашы керекпи?

1. Адамдык намыс деген керек, Курманова Адинайдын күйөөсү барбы жокпу ким билет. Күйөөсү болсо жубайы субординация ушул экен деп түшүнүп, жетекчинин бетинен өөп коштошуп жатса, кантип уялбай жүрөт. Жок дегенде жубайынын тизгинин кагып жетекчиң Шайырбек Араповду коштошордо өппөй жүр деп тыюу салып коймок. Илгери рыцарлар аялы башка бирөөнүн бетинен өөп койсо,ошол кишини дуэлге чакыра турган.

2. Мейли, Курманова Адинай күйөөсү жок кыз болсун, эмне күйөөсү жок кыргыз кызынын элди көзгө илбей жетекчиси эркек сөрөйдүн бетинен аймалап турсун деген мыйзам барбы? Бекер жеринен кыргыздар “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген эместир.

3. Арапов Шайырдын бетинен беш жолу өпмөк түгүл, андан башкасын кылсын, анын эфирге чыккан аралыгында дердеңдеп асманды карап калганына жол болсун. Субординацияны сактабай жетекчисин өпкөнү үчүн, аны “крыша” кылып алган муунга бооруң ооруйт. Өтө начар муун келе жатат. Ушул муунду көрүүчүлөргө жаман жагын көрсөтүп жаткан Курманова Адинай сыяктуулар.

КТРКнын спорт каналында иш кандай баратат?Шайырбек Арапов спорт каналдын продюсери. Кол алдындагыларга бетин тосуп бергенден башка да өнөрлөрү бар. КТРК спорт каналында штаттагы кызматкерлерге караганда кошумча акча алышкан штаттан сырткарылар өтө көп. Анткени, штаттан тышкарылар көбүн эсе мыйзамсыз жол менен, тааныштык менен алынат. КТРК спорт каналындагы гонорарлардын, калем акылардын итапканын ушул штатта жоктор алышат. Штатта жок кызматкерлерин семиртип союп жейби, эмнеге аларды көбөйтүп, эптеп оокат кылып келаткан штаттагы кызматкерлер жешкен нанды аларга түртүп жатат? Жайнак Үсөн уулу жөн отурбай сыртан иштегендер менен ичтен иштегендердин гонорарын текшерип койсо деген эле тилек.Эмне чабал жетекчи, чабалдарды айланасына топтоп жатабы. Илгери Көкүл Арипованын жегенин жазып жатышып кетирген коллектив жаңылган экен. Азыркы жетекчинин алкымы андан да чоң деп угулат. Көкүл Арипова кримдүйнөгө даай алчу эмес, бул болсо, кримавторитетти да байкамаксан болуп долларларды сыгып ала берет. Бул криминалдын жакынынан көрө колунда акчасы жок балдар таймаштарга чыгып, алдыңкы орундарды алып жүрүшөт. “Акчаң барда танкасың, акчаң жокто маңкасың” дегендей алардын жөндөмү болсо да, спорттун тилин билсе да КТРК спорт каналына жакын жолотпойт. Шайырбек Арапов сыяктуулар мен сени эфирге чыгарам деп алдап, ар ишке барып шерменде болушту эле ошондой болуп жүрбөсүн. Мындай жетекчилерге чейин жетип чара көрбөгөн Жайнак Үсөн уулуна жол болсун.

КТРК спорт каналынын берүүлөрү кандай?

Мамлекеттик бюджеттен каржыланып, элге тартууланып жаткан КТРК спорт каналынын берүүлөрү жагымсыздыкты туудурат. Шайырбек Арапов спорт каналдын продюсери катары штатта жок адамдарды толтурганы менен каналдын ишин оңдой алган жок. КТРКнын спорт каналынан супсак, кайталанма жана эскирген көрсөтүүлөр берилет. Фактыга келсек азыр спорт күйөрмандары үчүн да ар бир мүнөт баалуу, ошондуктан орус тилиндеби, же башка тилдеби болгон спорт жаңылыктары менен көрөрмандар таанышат. Ал эми КТРКнын спорт каналынан аларды кайталап, убакыт өткөзүп берет. Кээ бир спорт жаңылыктарын жумалап, айлап кечиктирип берип жатканы кыргыз элине эмне буларга бары бир дегендей эле кеп.

КТРКнын спорт каналынан кайдагы бир эл тааныбаган кемпирлерди чыгарып алышып, волейбол боюнча энелер лигасынын чемпиондору деп берип жатышат. Бул кемпирлер жаш кезинде волейбол ойномуш болуптур, эми эптеп топ алганды билишет экен. Ошого карабай чемпион болуп алышыптыр. Отуруп алышып машыктыруучусун макташса ооздорунан кара түтүн чыгат. Эмне КТРКнын спорт каналынын деңгээли ушулбу? “Бучукка маңка үйүр” –дегендей эле кеп. КТРКнын спорт каналында башка эч нерсени көрсөтө албаса анан эмне кылмак. Андай болсо элдин акчасын талаага чачпай каналды жаап, КТРКга мурункудай кошулса болмок.

Темирлан Келдибеков, NazarNews.kg

Последние новости