www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооруга шыпаа боло турчу сүрөөнү үйрөнөлү

Сүйүктүү пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ооруп калган адамдарга дуба кылчу жана алардьн өзүнө да дубаларды үйрөтчү. Бир жолу Абу Абдуллах Усман бин Абу-лаьс (Ал-лах андан ыраазы болсун) ооруп жатканын айтканда, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-сала-ваты болсун) ага минтит айтат: "Оң колунду ооруп жаткан жериңе койгун да, үч жолу "Бисмиллах" (Аллахтын ысмы менен) деп айткын. Анан: "Аьуузу би-ьиззатил-лаахи ва Кудратихи мин шарри маа ажиду ва ухазиру" деп айткын". Дубанын мааниси: Мага келип, мени жабыркатып жаткан ооруунун жамандыгынан, Аллахтын Улуулугу жана Кудурети менен сактанам". (Мусмш). Кимде-ким пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салава-ты болсун) ушул сүннөтүнө амал кылса жана чын ыклас менен ишенсе, анда Аллах Таала ага шыпаа берет. Анткени, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эч качан өз оюнан сүйлөгөн эмес. Ал Аллахтын вахиси менен гана сүйлөгөн.

Булак: Шамбала

Последние новости