www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оклахома штатындагы Тулса шаарындагы атышуудан беш киши, анын ичинде кол салган киши набыт болду. Бул тууралуу жергиликтүү милиция башкармалыгынан билдиришти.
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, кол салган адам 35-40 жаштардагы кара терилүү киши болуп, мылтык менен ок чыгарган.
«Аткандын ким экени аныктала элек, ал 35-40 жаштардагы кара терилүү адам. Окуя болгон жерде анын мылтыгы жана тапанчасы болгон», - деди полициянын басма сөз катчысы Эрик Далглиш.
Ок атышуу шаардагы Сент-Франсис ооруканасынын имараттарынын биринде жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00 чамасында болгон.
Эске салсак, бир жума мурун, 24-майда Техас штатынын Ювалде шаарындагы Робб башталгыч мектебинде атышуу болуп, 19 бала жана үч чоң киши, анын ичинде кылмышкер каза болгон. Андан кийин АКШнын президенти Жо Байден курал-жарак лоббисин токтотууга чакырды. Кийинчерээк, 30-майда Оклахома штатынын Тафт шаарындагы фестивалда атышуу болуп, бир адам каза болуп, жети киши жарадар болгону кабарланган.
Булак: NazarNews.kg