www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куралдуу кармаштарда Украина күнүгө 60-100 жоокеринен айрылып жатат. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Newsmax америкалык интернет басылмасына берген интервьюда билдирди.

“Украинанын чыгышындагы абал абдан оор. Күнүнө 60тан жүзгө чейин жоокерибиз окко учуп жатат, 550 чактысы жарадар болууда. Коргонуу позицияларыбызды кармап турабыз”, - деп айтты Зеленский.

Согушкан тараптар өз жоготуулары тууралуу маалыматты сейрек ачыкка чыгарат. Орусиянын Коргоо министрлиги мартта 1531 аскери каза тапканын билдирип, ошондон бери маалымат жаңылана элек.

Апрелдин ортосунда Зеленский CNN телеканалына курган маегинде Орусия басып киргенден бери 2,5-3 миң украин жоокери набыт болгонун, он миңдейи түрдүү жараат алганын айткан.

Президент канча карапайым кишинин өмүрү кыйылганын так аныктоо азырынча мүмкүн эмес экенин айтып, айрым аймактар оккупацияда калганын, урандылардын астында сөөктөр болушу ыктымал экенин белгиледи.

БУУнун адам укуктары боюнча комиссариаты Орусия кол салгандан бери украин жергесинде дээрлик 4 миң жөн-жай киши каза тапканын 25-майда билдирген

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости