www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

JP Morgan каржы корпорациясынын башчысы Жейми Даймон экономикалык "бороон-чапкын" баштала турганын эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Келе жаткан кризис карапайым элден дагы, банктардан дагы катуу даярдыкты талап кылат. Ал канчалык оор болорун азыр айтуу кыйын. Бирок кандай болгон күндө да Федералдык борборго ишенип отура берүүгө болбойт", — деди финансист.

Анын айтымында, америкалыктардын азыр топтоп койгон акчасы ашып кетсе 6-9 айга жетет. Андан кийин кыйынчылыктар башталат.

Буга чейин Эл аралык валюта фонду АКШ экономикасы жыл башынан бери 4 пайыздан 3,7 пайызга төмөндөп кеткенин маалымдаган. Ошол эле учурда аталган фондунун Американын экономикасы кыйроого учурайт деген божомолу жок.

Ал эми Capital Economics компаниясынын аналитиги Нил Ширингдин айтымында, АКШнын экономикасы ушул жылдын экинчи жарымында басаңдай баштайт. Адистин пикиринде, узак мөөнөткө сакталчу товарлар, жабдуулар жана кыймылсыз мүлк көп сатылбай калат.

Эске салсак, Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөттү. Биринчи кезекте Европа Орусиянын энергия булактарынан баш тартууну көздөп жатат. Москва бул кадамдарды экономикалык согуш деп атап, мындай сценарийге даяр экенин белгиледи. Ошол эле маалда Батышта чектөөлөр күйүүчү майдын жана азык-түлүктүн баасынын болуп көрбөгөндөй өсүшүнө түрткү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости