www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздарга текебер мамиле жасаган Арыстанбек Мухамедиулын кыргызстандыктарды шылдыңдоо сөзүнөн кийин көбү таанып калган. Ал 2016-жылы маданият жана спорт министри кезинде кыргыздардын кыздары Москвада ажаткана тазалап жүргөнү зээнди кейитет деген кыязда айтканы бир гана кыргыз коомчулугунда эмес, коңшу казакстандыктар арасында да нааразычылыктарды жараткан. Бул боюнча Кыргызстандын ТИМи Казакстандын элчилигине нота жиберген. Кийин Мухамедиулы кечирим сураган. Андан кийин министрдин студент кызга асылган окуясы жарыяланып, ызы-чуунун чордонунда калган.

Казакстандын мурдагы маданият жана спорт министри, Улуттук музейдин учурдагы директору Арыстанбек Мухамедиулы коррупцияга шектелип кармалды. Өлкөнүн Антикоррупциялык кызматы Улуттук музейден бюджетке тиешелүү 146 миллион теңгенин жоголушу боюнча иликтөө жүргүзүп жатканы белгиленди. Анын алкагында Мухамедиулы кармалып, 28-майда эки айга камакка алуу чечими чыккан. Буга чейин музей директору аны кармоого даярдык жүрүп жатканын угары менен кан тамырын кесип жибергени кабарланган. Бирок маалымат катчысы аткаминер өз жанын кыюуга аракет кылбаганын, бутунда жаракаты болгондуктан ооруканага жаткырышканын билдирген.

Кыргыз элин кемсинткендердин дагы бири Динмухаммед Кунаевди жектеп келген Назарбаев болгон, ал 2017-жылы чек ара жаап алып кыргыздар тууралуу жаман сөздөрдү айткан. Март айында Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев башкаруу формасын өзгөртүүнү сунуштаган. Ал супер-президенттик башкаруу формасынан күчтүү парламенти бар президенттик республикага биротоло өтүү керектигин айткан. Анын алкагында өлкөнүн биринчи президентинин укуктук статусу, буга чейин ыйгарылган макамдарды алып салуу маселеси дагы каралат.Казакстанда Референдум 2022-жылдын 5-июнуна белгиленген.

 Казакстандын биринчи президентинин Елбасы макамын Конституциядан алып салуу идеясы боюнча Нурсултан Назарбаев өз пикирин билдирди: "Мен башкалар сыяктуу эле бардык нерсе мамлекеттин жана элибиздин кызыкчылыгында болушун каалайм. Элим жана өлкөм үчүн артымда жакшы нерселерди калтыруу мен үчүн өтө маанилүү. 2019-жылы элдин каршы болгонуна карабай өз эрким менен президенттик кызматтан кеттим. Анда мен эл колдоосунун туу чокусунда элем. Муну 2015-жылы өткөн президенттик шайлоодо 97,7 пайыз добушка ээ болгонум далилдейт", — деди биринчи президент.

Ал ошондой эле, отставкага кеткенге чейин эле Токаевдин ишин колдоп, ага президенттин ыйгарым укуктарын өткөрүп бергенин эске салды.

"Бул жылдары анын өлкөбүздү реформалоо жана андан ары өнүктүрүү боюнча аракеттерин ар тараптан колдоп келдим. Бул жолу да колдойм", — деди Назарбаев.

Быйыл сентябрда Казакстанга орусиялык мигранттардын агылып келиши күтүлөт. 1-майга чейин Казакстандын чек арасын 14 миң киши кесип өтүп, алардын тогуз миңи иштөөгө уруксат сурап документ тапшырган. Бүгүнкү күндө компаниялары батирдин же мейманкананын акысын төлөөгө кудуреттүү "каймактар" келип жатат деп айтсак болот. Күзгө карата каражат табууну көздөгөн катардагы жарандар келе баштайт деген ыктымалдуулук бар. Азыр массалык агым жок. Келгендер негизинен Алматы шаарын тандап, IT, финансы, банк тармактарында иштегендер. Өткөн жылга салыштырмалуу өлкөгө келгендердин саны 30% көбөйдү. Бирок бул Орусиядан Казакстанга бир миллионго чейин киши келип турган пандемияга чейинки көрсөткүчтөн аз.

Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин санкциялар салынгандан бери бир топ чет өлкөлүк компаниялар орус рыногунан чыгып кеткен же ишмердигин убактылуу токтоткон. 24-февралдан бери жүз миңдеген киши башка өлкөлөргө чыгып кетти.Орусиянын эмгек жана социалдык коргоо министри Антон Котяков жумушсуздардын саны 3,1 миллион экенин, бирок мурдагыга салыштырмалуу "өспөгөнүн" майдын башында билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости