www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина тараптын Кырымга азык-түлүк үчүн блокада артта калды. Учурда Орусиянын көзөмөлүнө өткөн Херсон жана Запорожье облустары менен соода-экономикалык байланыштар калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу РИА Новостиге Кырымдын башчысынын маалыматтык саясат боюнча кеңешчиси Олег Крючков билдирген.

Эске салсак, Кырымга Украинанын Херсон облусунан товар жана азык-түлүк ташууга 2015-жылы бөгөт коюлуп, ал тартип күчүнө 2016-жылдын январь айында кирген. Кыска убакыт аралыгында ал аймак бизнес жана транспорттук-логистикалык байланышты Россия тарапка багыттаган.

Крючковдун айтымында, Кырымга Херсон жана Запорожье облустарынан жашылча-жемиш жеткирилип, мындан улам аталган аймакта баалар да кескин төмөндөгөн. "Украинанын түштүгүндөгү бошотулган аймактар буудай, жашылча-жемишке бай. Бул — Россия үчүн жакшы геосаясий инструмент. Азык-түлүктү жаңы мунай десек дагы болот", — деген ал.

Россиянын аскерлери Украинанын түштүгүндөгү Херсон жана Запорожье облустарын көзөмөлгө алган. Аталган аймакта аскердик-жарандык администрация түзүлүп, Россиянын телеканалдары көрсөтүлө баштаган. Учурда Кырым менен соода байланышын калыбына келтирүү иштери жигердүү жүрүп жатат.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости