www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-июнда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйын берүүдө. Анда ал өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берип, берилген суроолорго жооп узатты.

Абдикаримовго: "Эмнеге оорунун симптомдору байкалбай өткөндөрдү үйгө жөнөтүп жатасыңар, ооруканада орун калбай калдыбы?", - деген суроо берилди.

"Жок, ооруканаларда орун жок деген сөз туура эмес. Эгерде бейтапта оорунун жеңил түрү болсо, үйүндө дарыланууга шарт болсо, биз аларды үйгө жөнөтүп жатабыз. Бирок өзүнүн эрежелери бар, ал эч ким менен байланышта болбой, эреженин баарын так аткарышы керек. Бул ыкма дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө колдонулуп жатат, бейтап дарыгердин көзөмөлүндө дарылануудан өтөт", - деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости