www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оорулар курчуйт. Кондиционердин ден-соолукка кооптуулугу

Кондиционер жүрөк-кан тамыр, ревматоиддик артрит оорулары менен жабыркагандар үчүн кооптуу болуп эсептелет. Бул тууралуу терапевт Людмила Алексеева билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.

Медик аллергиялык ринит жана астмасы барлар да өтө этият болушу керектигин айткан.

"Бөлмө ичинде аба алмашпай, узак убакытка циркуляция болгондо аллергендердин концентрациясы жогорулайт. Анын үстүнө кондиционер көпкө иштеп турганда аба кургап да кетет. Муздак абадан бул дарттар курчуп кетиши мүмкүн", — деген дарыгер.

Терапевт кондиционер терини да кургатып жиберерин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости