www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-июнда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев ӨКМнин Мамлекеттик даярдоо жана куткаруу борборунун 86123-аскер бөлүгүнө барды. Бул тууралуу ӨКМнын басам сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга контракттык кызматтын жоокерлери, сержанттар жана прапорщиктер, кыз-келиндер, ошондой эле аскер бөлүгүнүн кызматкерлери катышты.

Аскерге чакырылган жоокер Бекзат Эсенбековду сабап салуу фактысы боюнча маалыматты бир жактуу таратууга жол бербөө максатында министр аскер бөлүктүн ар бир жоокери менен жекече сүйлөшүү өткөрдү. Мындан ары мындай фактыларга жол бербөө үчүн тарбиялык иштерди күчөтүү зарылдыгын билдирди.

Министр ошондой эле аскерлердин казармаларын, ашканасын, мончосун, кампаларын жана жоокерлер эмне менен тамактанарын көрүп чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости