www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстанда курамында сымап бар электр үнөмдөөчү лампаларды алып кирүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу тажик өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна шилтеме кылып кабарлады.
Токтомдо курамында сымап бар лампаларга эмне себептен тыюу салынганы жазылган эмес. Бирок буга экологиялык талаптар себеп болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Анткени алардын курамында сымап болуп, сактоодо жана утилизация кылууда өзгөчө шарттарды талап кылат.
Маалыматка караганда, сымаптуу лампаларга тыюу салынгандан кийин тажик өкмөтү Өнөр жай министрлиги менен Инвестициялар комитетине "экологиялык жактан коопсуз деп эсептелген электр үнөмдөөчү жарык диоддуу лампаларды өндүрүүнү активдештирүү" тапшырмасын берди.
Тажикстандын бийлиги 2009-жылы эл арасында "Ильичтин лампасы" деп аталып калган салттуу лампаларга тыюу салып, калкты жапырт түрдө курамында сымап бар лампаларды колдонууга өткөргөн. Анда өкмөт мындай чечимин электр энергиясын үнөмдөө зарылдыгы менен түшүндүргөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы бар. Күз-кыш мезгилдеринде аймактардын жашоочуларына электр энергиясын берүүгө чектөөлөр киргизилет.
Жарык диоддуу лампалар курамында сымап бар лампаларга салыштырмалуу электр энергиясын аз керектеп, ошол эле маалда жарыкты көбүрөөк берет. Бирок алардын баасы да кыйла кымбатыраак болот.
Булак: NazarNews.kg