www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Опера жана балет театрынын мурдагы директору Болотбек Осмонов кармалды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын экс-директору Б.О. (Болотбек Осмонов) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалган.

Мурдагы директор мамлекеттин кызыкчылыгына, ошондой эле маданияттын жана искусствонун кызыкчылыгына каршы келип, атайылап пайдасыз келишим түзүп, натыйжада бюджетке миллион сомдон ашык зыян келтирилгени тергөөдө аныкталды.

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кармалган адамга карата бөгөт чарасын карайт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости