www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашоодон бардык нерсени күтсө болот. Бирок, адам баласы эмне болгон күндө дагы, угуп бирок көрө элек нерсеге көбүрөөк кызыгары турган иш.

Минтип айтып жатканымдын бир себеби, жакында бир жаш жигит опреция учурунда күбө болгон окуяны айтып берип, “эч ким барып көрүп келбеген тиги дүйнөнү көрүп келдим” деп айткан кеби кызыгууну жаратты.

Эмесе сөз башынан болсун:

-Менин ысмым Алмаз. Өзүмдүн жергилим, түштүк тараптагы Ноокен районунан болот. Бирок көп жылдан бери шаарда туруп калган үчүн, айылга деле көп барбай калгам.

Бир күнү ичим катуу ооруганынан ооруканага келсем, “сокур ичеги” деп диагноз коюп, операция жасамай болушту. Убакыт шам намазынын убагы болуп калган кезде мени операцияга алып кирип кетишти. Мага наркоз бергенин бир билем калганы эсимде жок.

Бир кезде эле мен бир топ жаш балдарга аралашып, белгисиз эле жакка бара жатам. Канча убакыт өткөнүн билбейм, биз жашыл түстөгү көк майсаңга келип калдык. Ал жактын кооздугу эми бир укмуш. Бирок, кишилер бири-бири менен такыр сүйлөшпөйт экен. Аппак болгон кийимдерди кийип алышып эле ээрчишип басып жүрүшөт. Бир кезде алдымдан эчак каза болгон атамдын иниси, Барпы байкем чыгып, мени бир башкача көз караш менен карап, мени менен жүргөн балдардан бөлүп калды да, анан көз карашы менен белги берди, “аларды ээрчибе” дегенди. Аңгыча эле мени келген жагыма кайра жетелеп жөнөдү. Бир кезде мага эскертпей туруп күч менен түртүп жиберди эле, мен капкараңгы бөлмөгө туш келип калдым. Эмне болуп кеткенине түшүнгөн да жокмун. Аңгыча эле колум менен сыйпалап, дубалды таптым. Аны кармап, жыгылып кетпеш үчүн жылып келе жатсам эшик колума илинди. Аны катуу түртүп жиберсем ачылып кетти. Сыртка чыксам жарык нур көзүмө илине түштү. Көрсө мен эшикти күч менен түрткөндө, көзүм ачылып, светти көргөн эенмин. Аңгыча эле жаныма ак кийим кийген бирөө пайда болуп, оозума суу тамызды. Ал ак кийимчен неме мед сестра кыз экен.  Сууну ичкенде гана мен тирүү экенимди билдим. Эгер атамдын иниси мени түртүп жибербеген болсо, ал жакта калып калат элем дагы, операциядан чыкпай калат белем ким билет. Кыскасы, мен ошондо тиги дүйнөнү өз көзүм менен көрүп келгендей эле болдум.

Мен бул сырды деле эч кимге айткан эмесмин, бирок тиги дүйнө бар экенине ишенгиле деп айтмакмын.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости