www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунун Кара-Суу айылында түтүнгө ууланып 37 жаштагы келин жана анын 15 жаштагы кызы көз жумган. "2500 сом үчүн светти кесип кеткен соӊ: «балдарым үшүбөсүн»- деп үйгө от жаккан энеси кызы менен каза тапты", - деп алгачкылардан болуп акын Мая Осмонкулова когуроо кагып, бул тууралуу жазып чыкты. Төмөндө эч өзгөртпөй беребиз:
- Бүгүн биздин айыл күйүткө батып олтурат. Эл эмес Жер эне кошо онтогондой, энеси менен 14 жашар кызын жерге бердик. Дагы эки наристенин өмүрү эки ортодо жатат. Бул видеодон көрүп турган контролер кыз жанагы 14 жашар кыздын "Азыр апам келип төлөйт, өчүрбөсөңүз» деп жалынганына карабай, светин кесип кеткен. Атасы 11-класс окуган баласы менен Бишкекте ооруканада болчу. Күн суук, тамакты балдарына сыртка бышырып, оттун чогун балдарым үшүбөсүн деп бирдемеге салып жаткан бөлмөгө киргизип койгон. Ошентип бир үй-бүлө баары көмүрдүн исине ууланып калышкан.
Ал эми «Түндүк Электронун» маалыматы мындай:
-Таластагы үй-бүлө электр жарыгына болгон 2483 сом карызын төлөбөгөнү үчүн «Түндүк электр» ишканасы тарабынан 8-февралда эсеп дүмүрчөгү келип, бир жуманын аралыгында төлөө талабы коюлган. 19-февралда ишкананын аймактагы адистери барып карызды белгиленген убакытта төлөбөй койгону үчүн үй-бүлөнүн электр жарыгын өчүрүп кетишкен. 2483 сом карыздын 2400 сому январь айындагы карызы болсо, калган бөлүгү 2018-жылдын декабрь айындагы карызынан калганы болгон. Ошол күнү үй кожейкеси эки кыз, бир уулу үшүп калбасын деп үйдүн ичине чаканы алып кирип, ага от жагууга аргасыз болгон. Жыйынтыгында андан чыккан иске түн ичинде уктап жатып ууланып калып, өзү жана бир кызы каза болуп калса, 12 жаштагы баласы менен 4 жаштагы кызы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда 12 жаштагы баласы эсине келип, кызы дале эсине келе элек.
Эскерте кетсек, аталган кырсык 20-февраль күнү Таласта болгон.
"Үйдү жылытуу максатында бөлмөгө чаканын ичине от жагышкан. Жыйынтыгында андан чыккан түтүн үй-бүлөнү ууландырган. Каза болгон келиндин дагы 13 жаштагы кызы жана 6 жаштагы уулу оор абалда ооруканага жеткирилген".
Кырсык болгон жерде ӨКМдин Талас райондук бөлүмүнүн 2 офицери, 3 куткаруучусу иштеген.
Жазгүл Урмамбетова,
NazarNews.kg