www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликтин карапайым жашоодон тышкары балдай таптаттуусу да, туздай апачуусу да бар. Кээ бирөөлөр бар ким бийликке келсе да жүгүнүшүп таттуусун соруп жашагандар. Кээ бирөөлөр оомалуу-төкмөлүү дүнүйө дегендей, бирде таттуусун сорсо, бирде ачуусун кемирет. Азыркы бийликтегилер экөөнүн тең даамын таткандар, бирок бал турмуш ачуу турмушту унуткарып койобу, жаңы түзүлүп жаткан кыймыл :”Бийликте ар кандай болот!” –дешип эскерткиси келгендер экен. Өлкөбүздө Коомдук кеңеш түзүлдү. Саясат кайрадан кызыйт окшоп калды. Коомдук кеңеш 51 адамдан туруп, анын теңтөрагалары болуп белгилүү саясатчы, реформатор Бекболот Талгарбеков менен генерал Исмаил Исаков шайланды. «Кыргызстан: Жер реформасы, айыл келечеги» деген монументалдуу китептин автору Бекболот Талгарбеков эстен чыгып турган элет маселесин көтөрүп, учурда партократтар менен «парткүрөшкө» чыгып, алар үчүн жек көрүмгө айланган жер реформасын жүргүзгөн. Мындай кадамдарга барып партбосстор менен кармашпай туруп эле жылуу «креслого» минип алып, өз оокатын кыла берсе деле болмок. Анда элет жери бир ууч көпөс, буржуйлардын талоонунда калып, ансыз деле мукурап турган элет калкы ооздорунда салып турган «талкандан» кур калып, эки көзүн жалдыратып бийликти тиктеп кала бермек. Эми Эдил Байсалов деген «чиниш» мындайларга көмөк көрсөтпөйбүз деп кесе айтып жатпайбы. Элеттик эл үчүн оор кырдаалдар келип турганын түшүнгөн Талгарбеков белин бекем бууп колхоз-совхоздорду таратып, чарба жүргүзүп жаткандарга үлүштөрүн таратып берген. Бир гана чарба жүргүзүп жаткандар эмес, элет жеринде эмгектенип жаткан мугалимдер, дарыгерлер жана башка социалдык тармактагы кызматкерлер кур кол калган эмес. Талгарбеков оюнун аягына чыга албады, анткени бийлик алмашып кетип, кооперацияга биригүү жөнүндө экинчи этабынын быт-чыты чыккан.

2005-жылы бийликке өнөр жайын терең түшүнгөн Курманбек Бакиев келген. Агрардык мамлекет болгондуктан айыл чарбасында да реформанын аягына чыгыш керек болгон. Азыркы парламенттеги «Ата-Журт» фракциясынын лидери, ал кездеги президенттин пресс-катчысы Нурланбек Шакиевдин минтип эскергени бар: «Бекболот Талгарбеков деген ысым эгемендүү кыргыз мамлекетиндеги алгачкы агрардык реформа менен тыгыз байланыштуу. Дароо эле так кесе айтышыбыз керек, эгерде өлкөбүздөгү агрардык реформанын башында Талгарбеков турбаганда, бүгүнкүдөй жемиштүү жана натыйжалуу иштеген дыйкан, фермерлер болмок эмес. Албетте, айрымдарга Талгарбековдун реформасы жакпады, жеке өзүн жек көрүштү. Анткени алар ошондо да, балким азыр да реформанын өзөгүн түшүнүшпөйт же түшүнгүлөрү келбейт.

Улам мезгил өткөн сайын ошол кездеги агрардык реформа туура болгондугуна көпчүлүк көзү жетип, ынанып келет. Чындыктын критерийи – мезгил менен турмуш. Мезгил Талгарбековдун реформасынын тууралыгын далилдеди. Өкүнүчтүүсү, Бекболот мырза өзү баштаган реформасын аягына чыгара албай калды. Анткени ага көптөгөн бут тосуулар болду. Мүмкүнчүлүк беришпеди. Ошонун негизинде агрореформатолук аягына чейин ишке ашпай келүүдө.

2005-жылкы март ыңкылабынан бир жыл өткөндөн кийин, мен ошол кезде президенттин басма сөз катчысы болуп иштеп турганда Талгарбековго кезигип, ошол кездеги бийлик менен иштешүүгө чакырдым. Бекболот мырза “сунушуңарга чоң рахмат. Менин тажрыйбамды баалап, кызматка чакырганыңарга ыраазымын. Аскар Акаевдин командасындагы жакын кишилеринин бири катары азырынча жаңы бийлик менен кызматташпай турганым оң болор” деп сыпаа баш тартты. Эми андан бери көп жыл өттү. Бир нече ирет алмашкан бийлик айыл чарбасындагы оор абалды жөнгөрүү үчүн Талгарбековго кайрылганга чамасы жетпеди. Мен мурда эле Бекболот мырзаны принципиалдуу экенин билчүмүн. Ошондон кийин бекем көз караштагы адам катары сыйлап, мамиле кылып жүрөм»-деп.

2016-жылы май айында белгилүү журналист, “Чүй баяны” гезитинин башкы редактору Жыпара Жээналиева жолугуп “Элдик парламентке” көмөк көрсөтпөйлүбү деп калды. Ал кезде Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султановду артынан куугунтуктагандар жалаа жаап камакка алышат. Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев “Элдик парламенттин” лидерлери болсо,  Марат Султанов “«Элдик парламенттин”  кагазын юридикалык жактан бүтүргөндүгү үчүн айыпка жыгылып, бийликти зордук - зомбулук менен басып алгысы келгендиги үчүн камалышат. Ошондон баштап “Элдик парламент” тууралуу кабардар болуп көп макалалар  жазылды. Албетте, Атамбаевдин учурунда жазыксыз жалаа жабылып он жылдаган мөөнөт алышып, булар турмуштун ачуусун татып келишкен.

Исмаил Исаков Коргоо министри катары таанымал. Ал да бийликтин балын соруп жүрүп, тузун да таткандардан. Анын позициясын өзгөртүп 2010-жылы парламенттик шайлоодо партиясын “эс алдырып” Атамбаев СДПКга кошуп, парламентке алып келет. Исмаил Исаковдун өз позициясы болгондуктан СДПК менен келише албай, 2015-жылы СДПК тизмесине кошкон эмес. 2021-жылы “Азаттык” партиясы парламенттик шайлоого аттанып “мүдүрүлүп” кеткен.

Коомдук кеңештин мүчөлөрү Элмира Ибраимова, Жылдызкан Жолдошева жана ачуу, таттууну татып такшалган журналист Назаркул Жоошбаев жана башка көптөгөн адамдар. Жогорку Кеңештин, өлкөнүн абалын көргөндөн кийин ушундай кадам жасоого барышты. Жакындан баштап бийликке саясый, экономикалык, социалдык тармактагы сунуштарды бере баштайт экен.  «Ата кадыры менен кыз өтөт, мата кадыры менен бөз өтөт» -дегендей Элмира Ибраимова кыргыз эли сыйлаган учурунда Ош обкомун он жыл жетектеп, өлкөнүн өкмөт башчысы болгон соң белгисиз адамдар тарабынан окко учкан Султан Ибраимовдун кызы. Султан Ибраимовдун басып өткөн жолу өзүнчө тарых. Ал эми Элмира Ибраимова ата жолун жолдоп вице-премьерге чейин барып келди. Атамбаевдин учурунда Эсеп палатасына да кожоюндук кылган. Оозуна аш толтуруп алган көпөстөй же суудагы унчукпас балыктай болуп тым отурбай, мамлекеттин өсүшү үчүн сунуштарын бере койом деп ордуна кийинки өкмөт башчысы Улукбек Марипов келген.

Назаркул Жоошбаев «Жоошбай» болбой куруп кетсин, накта чындык дегенде чыркырап чыга калган «Тентекбай». Сайттар эмес, гезиттер ааламды челип жаткан убакта Кыргызстандагы эң таасирдүү гезиттин Башкы редактору болуп жүрдү. Анын гезити кээ бир гезиттердей пайданын артынан чуркабай «криссталдай» тазалыкты сактоо үчүн өз принцибинен тайбай, элдин келечеги үчүн тайсалдабай күрөшүп келген. Ал ойлогон заман келбей тургандыктан кайрадан атына камчы салып аттаныптыр.

«Туулганына эмес, турарына сүйүн» -дейт. Кыргызстанда “Коомдук кеңеш” деп аталган уюм түзүлдү. Уюмду саясатчы Бекболот Талгарбеков экс-депутат Исмаил Исаков менен чогуу негиздешкени белгилүү болду. Алардын айтымында, саясатчы, коомдук ишмерлерден турган 50 киши бийликтин кемчиликтерин көрсөтүп, кеңеш берүү менен алектенет. “Садыр Жапаровду мактаган кишилери толтура, биз ачуу чындык айталы деген ниетибиз бар”, - деп билдирди Талгарбеков. Өткөн айда "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" аттуу оппозициялык уюм түзүлгөн. Кыймылдын башкы максаты демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, каатчылыкка каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берүү экени айтылган. Президент Садыр Жапаров жакында “Кабар” агентигине курган маегинде өлкөдөгү оппозиция жөнүндө пикирин билдирип, "бийликти сындагандар керек, бирок алар такталбаган маалыматтарды таратып жатат" деп айтты. Ошондой эле “башаламандык кылам дегендерди жазага тартабыз” деп билдирген.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости