www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таш коогалаңында жаракат алгандар, кордолгондор, Октябрь төңкөрүшүндө майыптыкка учурагандар Сооронбай Жээнбековдун камалышын талап кылышып, байма-бай нааразычылык акциясына чыга башташты.

"Учкундан жалын тутанат" дегендей, бул чоң чатактын башыбы? Бара-бара чыңалуу ырбаса, жаны ачыгандардын үндөрү Кудайга жетеби? Курч суроолор арбын.

Түйүнү чечилбей турат. Акыйкаттан алганда, Кой-Таш, Октябрь окуялары боюнча Сооронбай Жээнбеков, Алмамбет Салиев, Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев, Өткүрбек Жамшитов ж.б. бир топ жетекчилер жоопкерчиликке тартылышабы?

Элди ит аткандай аткылашып, сабатышып, укуктарды бузушканы үчүн жаза алышабы? Мамлекеттик саясаттын туура нукта кетиши үчүн өткөн чакка акыл калчап, адилеттүүлүктү, калыстыкты орнотуу маанилүү да, туурабы?

Андыктан, кыңыр иштерди узартпай баа берүүгө мезгил келди. Ошондо көпчүлүктүн көксөөсү сууйт...

Булак: Азия News гезити

Последние новости