www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Июнь айы өтө опурталдуу ай. Толгондон ушул айда туулгам, туулган күн жакындаган сайын дагы кимдин башын жутар экем деп түйшүккө батам. Ошол мезгилде Чыңгыз Айтматов баш болуп, эки бир тууганым төш болуп, бир топ жакын адамдар аркы дүйнөгө узаган. Ошондуктан июнь келгенде сак-сактап карап чоочуп турам.

 Кыргыздар Ай менен Үркөрдүн биригүүсүн тогоол, ал эми тогоолдон тогоолго чейинки убакыт аралыгын тогоол ай деп аташкан. Июнь айынын башталышында Үркөр таң алдында биринчи жолу чыгып, Ай-Үркөр жылы башталат. Бул айдагы тогоол таң алдында болуп, бир жылы көрүнүп, бир жылы көрүнбөгөндүктөн 1-ай “арсар ай” деп аталат. Азыркы мезгилде Үркөр горизонттон июнь айынын башталышында чыгат. Эсенбай эсепчинин заманынан бери бир жарым кылымдан ашык убакыт өттү, азыр Үркөр 10-июндан кийин көрүнөт. Ошондуктан, Ай-Үркөр жылынын башталышы 2-июнга туура келет. Бул ай арсар ай аталганынын себеби, Күн Үркөргө жакын жайгашкандыктан тогоол көрүнбөйт. Экинчи ай жаңыргандан 23 күндөн кийин тогоол болуп, “23 тогоол” деп аталат. Кулжа жетинин айында жүгүрүп, бештин айында токтолуп, кулжада тууйт, ошондуктан “Кулжа айы” дейт.

Үркөр чыгыш тараптан көрүнгөндөн кийин өсүмдүктөр тез өсө баштаганы байкалат. Элдик табыптар ушул убактан баштап бейтаптарга кымыз ичиришкен эмес. Дан эгиндерин арпа, буудай, сулу Үркөр батканга чейин себишкен. Андан кийин себилген эгин бышпай, кар астында каларын жарыктык билген экен. Уламыш катары айтылып калган. Ал Кочкордун Күн-чыгыш жагында азыркы Ормонхан аймагында келатса бир топ адамдар эгин эгип жатышкан экен. Эсенбай эсепчи токтоп: “Ай балдар бир аз кечирээк сээп жатыпсыңар. Эми эгиниңердин түшкө чейин себилгени бышат, түштөн кийин себилгени бышпай калат” - деп бастырып кетет. Эсенбай эсепчини сынамакка ошол эгин сээп жаткандар белги коюп коюшат. Кызыгы эки тарап бирдей бышып баратып эле, түшкө чейинки себилгендер толук бышып, түштөн кийинки себилген бышпай үшүк алып кетиптир. Мына эсепчиликтин сыры кайсы убакта эгин себишти да билбесе болбойт экен.Үркөр баткандан кийин жүгөрү, таруу, конок, күрүч  себилет. Ай жаңырган, толгон учурларда 2-3 күн мурда жана 2-3 күн кийин эч нерсе айдоого болбойт. Анткени бул учурда Ай фазасы алмаша турган күндөр болгондуктан, себилген үрөн чыкпай калаарын, же чыкса да аз гана түшүм берерин билишкен. Бул күндөрдү ай арасы же «арсар күн» деп аташкан. Ай арасы кандай болгонуна жараша кийинки ай, жыл кандай болоору баамдалган. 22-июнь эң кыска түн болот. Тээ бир жылдары июнь айында мындай окуя болгон экен. Ошол окуяга күбө болгон Жүзбай уулу Абдыбектин айтып кеткени мындай:  

«Көл - Үкөк жайлоосундабыз. Кызалак деген карыя менен Эсекем «тогуз кумалак» ойноп отурушкан. Мал короого кайтып, күн кечтеп, батыш манаттай кызарып батып бараткан. Ойноп отурган Эсекем оюнунан алаксып, батып бараткан күндү кайра-кайра карап калыптыр. Жайдын күнү эле Кызыл-Омпол тараптан буурчактай булут пайда болгон экен. Оюндун кызыгында калган Кызалак карыя:

-Жүрбөйсүңбү, Эсенбай?- деп шаштырып калат.

-Күндү кудай урду! – дейт, Эсенбай эсепчи. Кызалак карыя батышты бир жалт карап:

- «Эсенбай эсепчи, Эсенбай эсепчи» десе!.. Эсепчини жут алганы турат. «Күн кызарып чыкса, элиңди жоо чапкандай күйүн, күн кызарып батса, эркек бала тапкандай сүйүн»… Күн жакшы эле батып баратат-дейт.

-Аны эртең менен көрөсүң…Бүгүн ылдыйды көздөй түшкүлө. - деп этегин кагынып туруп кетиптир.

Эсенбайдын сөзүн уккандар мал-жанын ылдый айдап, жакага түшүп кетишкен экен. Кол шилтеп койгондор ошол жерде калышыптыр. Эртеси эртең менен турсак, түндүк тартылбай, эшик ачылбай калыптыр. Түнү бою тизеден кар жаап салыптыр. Жылкыларыбыз карга тайгаланып учуп, бодо малдарыбыз, койлорубуз кырылып, көргүлүктү бир көргөнбүз. Көрсө, Эсекебиз табиятты баамдап турган акылкөй адамыбыз тура».

Ал кезде эсепчилерге ишене турган эми болсо Кыргызгидрометке ишенебиз. Кыргызгидромет 2022-жылдын июнь айына карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын болжолун билдирди. Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында климаттык нормадан жогору, башка аймактарда климаттык нормага жакын болушу күтүлөт.

Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, +21...+23 градус болот.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо +14...+16 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +8...+13 градустан +18...+23 градуска чеийн, күндүз +23...+28 градустан +31...+36 градуска чейин жылуу болот.

Кээ бир күндөрү абанын температурасы 17...22 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2...7 градустан 9...14 градуска чейин, күндүз 16...21 градустан 25...30 градуска чейин өзгөрүшү күтүлөт.

Айрым күндөрү абанын температурасы күндүз 10...15 градуска чейин төмөндөйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 31-42 мм, тоо этектеринде 70-73 мм).

Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, +19...+21 градусту түзөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +5...+10 градустан +14...+19 градуска чейин, күндүз +22...+27 градустан +30...+35 градуска чейин жылуу болот.

Кээ бир күндөрү күндүз абанын температурасы 16...21 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (26-31 мм).

Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, +22...+24 градуска жетет, тоо этектериндеги райондордо +18...+20 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11...+16 градустан +19...+24 градуска чейин жетет.

Күндүз +22...+27 градустан +32...+37 градуска чейин өзгөрүшү күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы ай ичинде түнкүсүн +5…+10 градустан +15…+20 градуска чейин, күндүз +20…+25 градустан +28…+33 градуска чейин жетет.

Кээ бир күндөрү күндүз абанын температурасы 14...19 градуска чейин төмөндөйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт, тоо этектериндеги райондордо климаттык нормадан көп болушу мүмкүн (13-19 мм, тоо этектериндеги райондордо 43-45 мм).

Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, +22...+24 градуска жетет, тоо этектериндеги райондордо +18...+20 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11...+16 градустан +19...+24 градуска чейин жетет.

Күндүз +22...+27 градустан +32...+37 градуска чейин өзгөрүшү күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы ай ичинде түнкүсүн +5…+10 градустан +15…+20 градуска чейин, күндүз +20…+25 градустан +28…+33 градуска чейин жетет.

Кээ бир күндөрү күндүз абанын температурасы 14...19 градуска чейин төмөндөйт.

Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +9...+14 градустан +15...+20 градуска чейин, күндүз +20...+25 градустан +28...+33 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт, тоо этектеринде климаттык нормадан көп болушу мүмкүн (30-32 мм, тоо этектеринде 27- 92 мм).

Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, +22...+24 градуска жетет, тоо этектериндеги райондордо +18...+20 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11...+16 градустан +19...+24 градуска чейин жетет.

Күндүз +22...+27 градустан +32...+37 градуска чейин өзгөрүшү күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы ай ичинде түнкүсүн +5…+10 градустан +15…+20 градуска чейин, күндүз +20…+25 градустан +28…+33 градуска чейин жетет.

Кээ бир күндөрү күндүз абанын температурасы 14...19 градуска чейин төмөндөйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт, тоо этектеринде климаттык нормадан көп болушу мүмкүн (19-21 мм, тоо этектеринде 29- 31 мм).

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, +15...+17 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3...+8 градустан +11...+16 градуска чейин, күндүз +14...+19 градустан +24...+29 градуска чейин болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү болжол менен климаттык нормада болуп, чыгышта климаттык нормадан көп болушу күтүлөт (27-32 мм, чыгышта 55-86 мм).

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, +14...+16 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +1...+6 градустан +8...+13 градуска чейин, күндүз +15...+20 градустан +24...+29 градуска чейин болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (38-56 мм).

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

Последние новости