www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кырдаал абдан оор. Зеленскийдин кайрылуусу

Украинадагы согуштук аракеттердин кесепетинен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жүзгө жакын аскер кызматкери көз жумуп жатат. Бул маалыматты Украинанын президенти Владимир Зеленский «Newsmax» уюштурган маек учурунда билдирди.

«Кырдаал абдан оор. Күнүнө 60тан 100гө чейинки аскерибизди жоготуп жатабыз. 500 чакты адам жарадар болот», - деди президент.

Ал эми май айындагы маалымат жыйында Зеленский өлкөнүн чыгышындагы согуштук аракеттерден күнүнө 100 чакты аскер кызматкери каза таап жатканын айткан.

Президент апрелдин ортосунда жоготуу тууралуу айтып жатып, 2,5–3 миң аскер кызматкери каза болуп, 10 миңдейи жаракат алганын билдирген. Ал учурда Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрү 23 миңдей аскерин жоготконун жарыялаган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости