www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Тазабек Икрамов бийликтен өзгөчө кырдаалдар министри кызматына ылайыктуулугун кароону талап кылды.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 1-июндагы жыйынында депутат 2021-жылдын жаз айларында болгон селдин кесепетинен Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын тургундары үйсүз калып, учурда контейнерлерде жашап жатышканын белгиледи.

«Дамба качан курулат? Өзүнүн ишине мындай мамилеси үчүн министр менен анын орун басарларынын кызматта калууга моралдык укугу жок», - деди ал.

«Кечээ дагы суу алып, бир топ эгин жерлерин суу каптап, алып кетти. Ошол жерде дамбага бөлүнгөн акчаны МЧС бүгүнкү күндө эмне кылып иш кылып жатат? МЧС, МЧСтин замы... Кыргызстанда бүгүнкү болгон окуялардан кийин, канча деген суу алып кетти, ушул маселеден кийин... Кечээ жакында МЧСтин машинеси бир топ — жыйырмадан ашуун адамдын өмүрүн кыйып кетти. (ред: 21-майда Айдаркеншаарчасынын Чечме айылында болгон ири жол кырсыктын кесепетинен 8 көз жумган). Ушундан кийин, эч бир моралдык укугу да жок. МЧС министри өз арызы менен деле жумуштан кете турган бир акыбалга жетти», - деди ал.

Бообек Ажикеев Өзгөчө кырдаалдар министрлигин 2020-жылдан бери жетектейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости