www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орбан Украинаны Батыштын протектораты деп атады

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украинаны мындан ары суверендүү мамлекет катары кароого болбойт деп билдирди.

"Украина эми эгемендүү мамлекет эмес, ал Батыштын протектораты болуп калды. Евробиримдиктин жана АКШнын акчасы жана куралы болбосо, Украина мамлекет катары жашап кете алмак эмес", — деп жазган ТАСС анын сөзүн.

Украинанын каржы министри Сергей Марченко буга чейин 2022-жылдын февраль айынын аягынан бери АКШ Киевге бюджеттик жардам катары 23 миллиард долларга жакын акча жөнөткөнүн билдирген.

БУУ Украинаны калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон чыгымдын көлөмүн 486 миллиард доллар деп баалады.

Март айынын аягында Канаданын коргоо министри Билл Блэр Украинага аскерий жардам көрсөтүү тууралуу айткан. Ал Оттава "кампаны бошотту" деди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости