www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияровдун жубайы аны издөөнү токтотууну суранды, - деп билдирди 30-ноябрда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.
Буга чейин маалымат каражаттарында Мияровдун дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат тараган. Милиция саясатчынын үйүнө барып, жакындарынан ал 28-ноябрда күндүзгү саат үчтөр чамасында УШКга добуш берүүгө кеткен бойдон байланышка чыгууну токтотконун аныктаган. Бирок жубайы Мияровду издөөнү токтотууну суранып, эч кимге дооматы жок экенин билдирди.
Мирбек Мияров 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Ордо» партиясынан катышкан. Былтыркы октябрь окуясынан кийин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалып, бул кызматта 2021-жылдын мартына чейин иштеген. Ал быйылкы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого «Ордо» партиясынан катышып, алдын ала маалыматтар боюнча, 0,46% добуш алган.
Булак: NazarNews.kg