www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрин кызматтан кетти, арыз жазды, анын ордуна ФОМСтун башчысы келди деп дагы бир өрдөктү учурушту. Ал өрдөктү өкмөттүн аппараты калпка чыгарып, атып түшүрдү. Муну окугандар түй-ата, калп турбайбы деп кала беришти. Кечээ эле министр ооруп жатып калса, аны орун басары экөө атайын учак менен чет өлкөгө дарыланганы кетти дешип, дагы өрдөк учурушкан. Ал өрдөктөр да көпкө жетпей эле акыйкаттыкты туу туткан мергендер тарабынан атып түшүрүлгөн. Бирок, ага чейин элдин ичинде ызы-чуу болуп, өкмөткө карата нааразылыктар жааган. Чынына келгенде акыркы кездерде атайылап калп маалымат таркатуу адатка айланып бараткандай. Буга күн сайын эле таркап жаткан калп маалыматтарды мисал келтирсе болот. Бирок, алардын ичинен элди дүрбөткөнү атайылап жасалып жаткандары өзгөчө көрүнүп турат.

Бир айча мурун кыргызстандык эле сайттарда Бишкектеги өлүкканалар өлүктөргө толуп кетти, алып кеткени киши жок деген үйрөй учурган маалыматты таркатышкан. Аны чет өлкөлүк сайттар да илип ала коюшуп, дүйнөгө таркатышкан. Бирок, чындык баары бир чыгат экен го, "Фактчек" деген сайт мунун баары карандай калп экенин далилдеп жазып чыкты. Бирок, ага чейин эл арасында кыйла дүрбөлөң салганы ырас.
Ага чейин "Бишкекте 5G антенналары орнотулуп жатыптыр, Бишкектеги оорунун жана өлүмдүн көбөйгөнүнө ошол себепчи экен, муну атайылап жасап жатышыптыр" деп, дагы капкайдагы калпты таркатышты. Анысы да кийин суу кечпей, Бишкекте эмес, өзүн кыйын деген өлкөлөрдө да мындай антенналар жок экенин, анан да элге зыяны жоктугун далилдеп жазып чыгышты. Эл тынчып калды. Бирок ага чейин кыйла дүрбөлөң салып, элдин эси кеткени ырас да.
Анан эле социалдык тармактарда кичинекей тик учактар менен химиялык каражаттар чачылып, санитардык дезинфекциялоо жүргүзүлүп жатат, элдин четинен ылаңдап жатканы ошондон экен дешип, дагы бир калпты таратышты. Ага карата транспорт министри расмий кайрылып, бул карандай калп экенин, кичинекей тик учактар машыгуу үчүн учушканын айтып чыкты. Ошентип, дагы бир карандай калп атып түшүрүлгөн өрдөктөй жалп этти. Анан Гансидеги “Семетей” обсервациядагы медициналык жабдыктарды өкмөт башчы келгенде алып келе коюшуп, ал кетери менен кайра ташып алып чыгып кетишти деген калпты чоюшту.  Кыйла ызы-чуу болуп, өкмөткө нааразылыктар айтылды. А чынында андай эмес экен. Көрсө, эң керектүү жабдыктарды текшерип, ошол обсервациядагы реанимацияга орнотуп жатыкандагы сүрөттөр бурмаланып чыгып кетиптир. Жакшы ишти дароо жаман жагына айландыра коюшуптур.Анан баякы эле атамбевчилер элди удургутуп турушпайбы, антишпесе Кыргызстан зеригип калат да. Абактарда карантин жарыяланып, Атамбаевге эч ким жолуга албай жатат деп ызы-чуу салышты. Дароо эл ичинде өкмөткө нааразы болуп, “байкуш Атамбаевге” кордук көрсөтүп жатышкан турбайбы дегендей кептер айтылып кетти. Кийин бул маалыматтын карандай калп экени далилденди, көрсөт Атамбаевге жакындары кирип-чыгып эле жатышкан экен, эч кандай тоскоолдук болбоптур.

Эми мындай мисалдарды санай берсе көп. Бирок суроо туулат да, эмнеге мындай калп маалыматтар дембе-дем таркатылып жатат? Аны кимдер таркатып жатышат? Кимдер буга кызыкдар? - деген сыяктуу. Анын жообу деле түшүнүктүү: коомдо коомдук-саясий туруктуулук болушун каалабагандар, азыркы бийликти элге жаманатты кылгысы келгендер, элдин башына мүшкүл түшүп, баары кыйналып турганда өз кызыкчылыктарын гана ойлоп, кутум жасагысы келгендер гана буга кызыкдар болбосо, карапайым кишинин оюна да келбейт.

Дүйнө жүзүнө апаат алып келген таажы вирусунан Кыргызстан да жабыр тартып жатат. Баары кыйналды, жыргаган киши деле жок. Эми ушундай пайдаланып, коомдук жик-жикке бөлүп, саясий упай алам дегендер, өз пайдасына кутум жасап жаткандар – эл душмандары. Азыр элге биримдик, өз ара колдоо, камкордук жана жакшы демилгелер керек. Эл душмандары керек эмес.

Фейсбук социалдык тармагынан алынды 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости