www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын миңден ашуун жараны Оренбург облусунун Соль-Илецк аймагында топтолуп калды. Алар чек аралардын ачылышын күтүп, мекенине кайтууну көздөшүүдө. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Оренбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Урмат Жамгырчиев 23-июнда эле мигранттар жүздөн ашпаганын, бирок акыркы жумада алардын саны кескин көбөйүп кеткенин айтты.

Кыргызстандын Оренбургдагы ардактуу консулу Жандар уулу Таалайбек транзиттик коридор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок бул өтө узак жараян экенин билдирди.

“Дипломатиялык жол-жоболор кеминде 20-30 күнгө созулат”, – деди ал.

Басылманын маалыматына караганда, чатырларда, автоунааларда түнөгөн мигранттардын арасында кош бойлуу аялдар, пенсионерлер жана балдар бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости