www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-сентябрда Түркиянын башкалаасы Анкара шаарында Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инандынын соту башталды. Бул тууралуу мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги билдирди.

Инандынын ишин Анкара шаарынын Жогорку соту карап жатат. Айыпталуучу видеоконференция аркылуу өзү жаткан түрмөдөн катышканы жазылат.

Колу үч жерден сынгандыктан сотко толук даярдана албаганын билдирген Инанды, ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөр чечилгенге чейин кошумча убакыт сураган.

Ошондой эле, сотто ал Кыргызстандын жараны экенин жана Түркиянын жарандыгынан баш тартууга арыз бергенин айтып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга эч кандай укук жок экенин билдирген. Сот Инандыны камакта калтыруу боюнча чечим чыгарып, анын коргонууга даярдануу үчүн убакыт сураганын эске алуу менен отурумду 23-ноябрга жылдырды.

Эске салсак, Сапат билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп, дайыны чыкпай жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып келгенин айткан.

Ал эми Инандынын Түркиядагы жактоочусу Халил Ибрагим Йылмаз ага козголгон кылмыш иши менен таанышуу жүрүп жатканын, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылганын маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости