www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инандынын жоголор алдында автоунаасындагы видео байкоого тартылган кадрлар материалга мурда эле киргизилген. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин мугалимдин үй-бүлөсүнүн адвокаты Таалайгүл Токтакунова Инанды дайынсыз болгонго чейин унаасындагы видео байкоого тартылып калган акыркы кадрларды жарыялаган. Ал бул видеолорду тергөөчү алып текшербегенин, мындан улам өзү жеткирип бергенин айткан.

Көп өтпөй ШИИБ ага жооп берип, сөз болуп жаткан кадрлар Инанды жоголгон күнү эле (1-июнда) алынып, иштин материалдарына тиркелгенин билдирди.

"Сапат" мекемесинин өкүлүнүн айтымында, адвокат издөөдөгү жарандын жакындарынын уруксатысыз эле аталган маалыматты ЖМКга жарыялап жиберген. Кээ бир жарандарды алынган маалыматтарды жеке кызыкчылык, өзүн пиарлоо үчүн колдонбоого чакырабыз. Мындай аракеттер тергөөгө терс таасир этип, кылмышкерге көбүрөөк маалымат жетишине мүмкүнчүлүк бериши ыктымал", — деп айтылат маалыматта.

Милиция иликтөөнүн алкагында бардык версиялар текшерилип, далил зат катары болжолдонгондун баары экспертизага жөнөтүлүп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 31-майдын түнүнөн бери дайынсыз. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө "Ала-Арча" суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирүүдө.

Мугалимди табуу талабы менен күн сайын бир нече жаран митингге чыгып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости