www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды дайынсыз жоголгон күнү Мелис Турганбаев менен жолуккан. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда жактоочу Таалайкүл Токтакунова билдирди.

«Алар 31-май күнү кечинде Инандынын үйүнүн жанындагы кофейняда жолугушкан. Мелис Турганбаевдин кайда кеткенин билбейм», - деди ал.

Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. Бүгүнкүгө чейин анын кайда экендиги белгисиз.

Орхан Инандынын жоголушу коомчулукта чоң резонанс жаратты. Бишкек шаарында «Сапат» лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү менен мугалимдери, ошондой эле окуучулар менен алардын ата-энелери күн сайын митингге чыгып жатышат.

ИИМ Орхан Инандыны Кыргызстандын бардык аймактарында издеп жатканын айтууда. Ал эми Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды жолдошу Түркиянын элчилигинде кармалып жатканы тууралуу маалымат алганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости