www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттарды көрсө титиреп турган Соцфонддун төрагасы Бахтияр Алиев бүгүн да таламайга түштү. Калктын оюндагысын таба билген депутат Улугбек Ормонов социалдык төлөмдөрдү тез арада индексациялоо зарыл деп түз айтты. Ал көзгө сайып чындыгын айтты: «Сомдун, доллардын курсун, азык-түлүктүн баасын көрүп жатасызбы? Кандай болбосун, октябрга чейин күтөсүзбү? 24-февралдан кийин баары өзгөрдү. Тез арада пенсияны көтөрүшүбүз керек. Жакында бир мүшөк унга жетпей калышы мүмкүн», - деп Социалдык фонддун жетекчисине кайрылды.Ал эми Бахтияр Алиевдин айтымында, пенсиянын минималдуу өлчөмү 2,5 миң сом, ал эми пенсия курагындагылар үчүн жөлөк пул 1 миң 780 сом. Кыргыз Республикасында доллардын курсу кескин жогорулады. Азыр коридордо 97-98 сомго чейин өзгөрүп турат.

Соцфонддун «үлкөнү» Бахтияр Алиев парламентке качан сүздүргөнүн ким билет. Соцфонддун кирешеси  2022 жылы 68,5 млрд сом чыгашасы— 67,1 млрд сом болду.  Бүгүнкү күндө өлкөдө 658  миң пенсионер бар. Мыйзам боюнча Кыргызстанда аялдар 58, эркектер 63 жаштан пенсияга чыгат. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, өлкөдө орточо пенсиянын өлчөмү 5682 сомду түзөт. Бирок мурунку бийликтерге жалпактап жүрүп 50 -120 миң сом пенсия алгандар да бар. Аларга кошулган кошумча кепек деле эместир. Кыргызстанда пенсияга чыгуунун жаш курагы 3 жылга көтөрүлөт. Жалпы пенсияга чыгуунун жаш курагын көтөрүү пландаштырылган жок. Белгилей кетсек, аялдар пенсияга 58 жашында чыкса, эркектер 63 жашында чыга алат. Соцфонддун айтуусуна караганда, жеңилдетилген пенсионерлердин пенсияга чыгуу жашын жогорулатуу пландаштырылууда. Тоолуу райондордо жашап, үчтөн көп бала төрөгөн аялдар 45 жаштан пенсияга чыга алышат. Ушул жаш куракты көтөрүүнү пландап жатышат, этап-этабы менен 48 жашында пенсияга чыгышат.

Кыргызстанда 2022-жылдын октябрынан тарта пенсия 50 пайызга жогорулайт. Пенсия жогоруласа камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша 1,07  коэффицентке жогорулайт. Тагыраагы, ар бир пенсионерге 250 сомдон 370 сомго чейин каражат кошулат. Ошондо 4500 сомго чейин пенсия алган жаранга 250 сом, ал эми 4500 сомдон жогору алгандарга 350 сом кошулмакчы. Өкмөттүн индексация коэффицентинин негизинде пенсияны жогорулатуу долбоору ишке ашса өлкө казынасынан 667 милион сом кошумчаланат.

Акыркы учурда коомчулукта пенсияга байланыштуу түрдүү талкуулар жүрүүдө. Буга байланыштуу мамлекеттик кызматта эмгектенип жаткан жана мурун иштеген аттуу-баштуу адамдар канча пенсия ала тургандыгын тактап көрдүк:

Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев учурда пенсия албайт. Ал мамлекеттик кызматта 65 жылдан ашык эмгектенген. Айыл чарба тармагына эмгеги сиңген инсан 1990-жылдары пенсияга чыкмак. Бирок ал калктын социалдык оор абалын эске алып, мамлекеттен акча алуудан баш тарткан. Ошондон бери илимпоз өлкө казынасынан бир дагы тыйын ала элек. 

Экс-президент Роза Отунбаева учурдагы өлкө башчынын айлыгынын 75 пайызын алат. Ошондуктан анын өлчөмү өзгөрүп турат. 

СССРдин жана Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болгон кылым таяп жашаган атактуу хирург Мамбет Мамакеев 70 миң сомго жакын пенсия алат.

Мурдагы депутат, вице-премьер, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы,экс- акыйкатчы болуп эмгектенген Токон Мамытов 60 миң сомго жакын пенсия алат.

Кезинде вице-президент, премьер-министр, борбор калаанын мэри болгон генерал-лейтенант Феликс Кулов айына 58 миң сом пенсия алат. 

Атактуу хирург, Кыргызстандын баатыры, өмүрүн медицина тармагына арнаган Эрнст Акрамовдун пенсиясы 45 миң сомду түзөт. 

Жогорку Кеңештин эки жолку төрагасы, вице-премьер, Улуттук илимдер академиясынын президенти жана губернатор болуп иштеген Абдыганы Эркебаевдин пенсиясы 43 миң сомго жетет. 

Мурдагы билим берүү жана илим министри, профессор Ишенгүл Болжурова 36 миң сом пенсия алат. Ал агартуучулук тармагында 50 жылдай эмгектенген. 

Жогорку Кеңештин экс-спикери, билим берүү тармагында көп жыл иштеген окумуштуу Зайнидин Курманов ай сайын 34 миң 200 сом алат. 

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен пенсияны жогорулатуу боюнча жакшы идеялар ишке ашкан. Бирок жүрүп отуруп бул деле көзгө көрүнбөй калган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости