www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ормуз кысыгында мунай танкери жарылды

Ормуз кысыгында белгиленген багыттан четтеп кеткен мунай ташыган танкер деңиз минасына кабылып жарылганы кабарланды. Бул тууралуу БелТА агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, танкер Иран тарабынан белгиленген коопсуз багыттан чыгып кетип, деңиз минасына урунган. Окуянын кесепетинен кеме жарылган.

Танкер кайсы өлкөгө же компанияга таандык экени азырынча такталган жок.

Белгиленгендей, акыркы убактарда Ормуз кысыгында мындай окуялар бир нече жолу катталган.

Буга чейин, 20-июлда, коопсуз эмес багыт менен өтүүгө аракет кылган эки мунай танкери да деңиз миналарына кабылганы маалымдалган.

Эске салсак, Тегеранда Иран менен Омандын өкүлдөрү Ормуз кысыгындагы кеме каттамынын коопсуздугу боюнча бир нече айлампа сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Последние новости