www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соң-Көлдө 12 айдоочуга айып пул салынды

Соң-Көл аймагында жайыттарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо боюнча жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө мыйзам талаптарын бузган 12 учур аныкталып, жалпы 66 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Иш-чара Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү. Рейд Министрлер Кабинетинин №330 токтомунун талаптарын аткаруу максатында уюштурулган.

Анын негизги максаты – жайыттарда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында авто жана мототранспорт каражаттарынын мыйзамсыз жүрүүсүнө бөгөт коюу.

Министрликтин маалыматына ылайык, автоунаалардын, мотоциклдердин жана квадроциклдердин жайыттарда жүрүшү жашыл өсүмдүк катмарына зыян келтирип, топурактын бузулушуна, эрозиянын күчөшүнө жана табигый экосистеманын жабыркашына алып келет.

Буга байланыштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жайыттарды жана жаратылыш байлыктарын аяр пайдаланууга, ошондой эле жаратылышты коргоо боюнча мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.

Последние новости