www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ороковдун ою ордунан чыкпай калды

Жакында эле «Кыргызнефтегаздын» жетекчиси Жеңиш Жумашов Экномикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекетке ири суммада зыян келтиргени аныкталып камалган. Анын ордуна «Кыргыз алтын», «Макмал алтын» сыяктуу май талкандуу кызматтарды жетектеген, капчыгы калың Азизбек Ороков «Кыргызнефтегаздын» жетекчилигинин милдетин аткаруучу болуп барган. Бул ишкананы 2002-жылдары да башкарган. Майлуу-сүттүү экенин жакшы билет.

Мына ушул Ороков жетекчинин милдетин аткаруучу болуп бараары менен аталган ишкананын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп кириптир. Буга мыйзам жол бербейт. Ошого карабастан «Кыргызнефтегазга» жетекчи болмокчумун деп чамынып, «Жаңы дайындала турган жетекчини кабыл алгыла» – деп Өкмөткө каршы коллективди тукуруп, интрига жасаганга үлгүрдү. Тилекке каршы, биротоло бекип калайын деген интригасы кашайып ишке ашпай, Жалал-Абад шаардык кеңешинин экс-депутаты Рашид Бостонов Ороков көз артып жаткан ишканага жетекчи болуп дайындалыптыр. Бостоновдун колдогон кожосу күчтүүбү же капчыгы калыңбы ким билсин, минтип «Кыргызнефтегазга» жетекчи болуп олтурат.

Буга чейин бул кызматка барам деп чуркагандар Ак үй менен өк үйдүн эшиктерин жыртышып,бул орундун баасы асман чапчыганы эсибизде. Бостонов орто жолдон олжолуу болдубу же капчыктын жолу болдубу ким билет, айтор майлуу кызматты басып жыгылды. Эмнеси болсо да «Кыргызнефтегазга» жетекчилик кызмат кымбат болду.

Булак:"Фабула"

Последние новости