www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орозайым Нарматова дипломго байланыштуу иш боюнча үн катты

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова мыйзамсыз окууга өткөн болушу мүмкүн деп козголгон кылмыш иши боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үн катты.

Ага ылайык, парламенттик шайлоо жүрүп жаткан кезде УКМКга Нарматова 2013-жылы орто кесиптик билими боюнча диплому менен Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУ) мыйзамсыз түрдө дароо үчүнчү курска тапшырганы боюнча маалымат түшкөн.

Текшерүү учурунда Нарматова ЖАМУга өтүш үчүн жасалма диплом колдонушу мүмкүн деген да божомолдор болгон. Депутат УКМКга күбө катары сурак берүүгө чакыртылган.

Өз кезегинде Орозайым Нарматова тергөө адилеттүү жүрө турганына ишеним артарын билдирген.

"Кудайга шүгүр, мыкты баа алып, жакшы окуп, ата-энемди кубанткан кыздардын биримин. Эки жолу шайлоого катышып, дипломумду, резюмени баарын тапшырып, БШКдан "лупа" менен текшерилип, "баары таза, баары жакшы" деген чечим менен шайлоодон өттүк. Ушундан улам былтыр да шайлоодо "Нарматова БШКга фальсификация кылып, документ тапшырды" деген доомат менен "Бүтүн Кыргызстанды" шайлоодон алып салуу аракеттери, менин жарандыгым боюнча каралоо, аялдык ар-намысыма шек келтирген каралоо эске түшөт. Ошондо да койгон дооматтары орунсуз экени далилденип, уят болушкан", — деп жазган депутат.

Нарматова эми да каралоо жана өч алуу аракеттери болуп жатканын кошумчалаган.

Эске салсак, кечээ УКМК Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызмат адамдарына Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз негизде кабыл алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости