Орусия Кытай менен биригип аскерин көбөйтүүгө бет алды, кимге коркунуч туулат?
Кыска-нуска  |   |  2409

Орусиянын сунушун Женевада АКШ, Брюселлде НАТО, Венада ОБСЕ кабыл алышпай, жел ордуна көрбөй койгон соң, Орусиянын дасыккан саясатчылары Кытайдын Тайван боюнча көтөргөн маселесин коргойбуз деп ачык айта баштады. АКШнын Мамлекеттик департаменти Кытайды Тайванга карата басымын токтотууга чакырып жатат. Мекеменин расмий өкүлү Нед Прайстын билдирүүсүндө “Биз Пекинди Тайванга аскердик, дипломатиялык жана экономикалык басым жасоону токтотуп, анын ордуна демократиялык жол аркылуу шайланган өкүлдөрү менен конструктивдүү диалог баштоого чакырабыз” деп айтылды.Андан бир аз мурдараак Тайван бийлиги Кытайдын сегиз бомбалоочу жана төрт тик учагы түштүк-чыгыштагы белги коюлган аймагына киргенин маалымдаган.

Прайс Кытай өзүнүн кошунасын коркутуп алуу аракетин улантып жатканына Кошмо Штаттар кабатыр экенин белгиледи.1979-жылы АКШ өкмөтү Кытайдын маанайына жагымдуу кадам жасап, өзүнүн Тайван менен дипломатиялык алакасын кыйла салкындаткан. Кытай Тайванды өзүнүкү деп тааныйт жана бул аралдагы өзүн мамлекет деп эсептеген субъектини дүйнөлүк алкакта саясий өңүттө обочо калтырууга колдон келишинче аракет кылып келет. 

 Кытай Тайвандын эгемендүүлүк алууга болгон кандай гана аракети болбосун арты согушка алып келерин эскерткен. Бир нече күндөн бери кытайлык Аба күчтөрүнө таандык учактар аралга жакын учуп өтүүдө.Буга чейин АКШ президенти Джо Байден билдирүү жасап, Тайванды колдоо ниетин билдирген. Вашингтон Кытайдын билдирүүсүн кыжырдануу атап, чыңалуу тирешүүгө алып келерин белгилеген.

АКШнын жаңы бийлиги дагы Кытайга адам укугу, соода талашы, Гонконг менен Тайвандагы кырдаалга байланыштуу маселелер боюнча мурдагы катаал позициясын улантат деп күтүлүүдө. Дональд Трамптын башкаруусунда Вашингтон менен Бээжиндин мамилеси кескин начарлаган эле.Кытай Тайванды өзүнүн провинцияларынын бири катары эсептеп, өз алдынча эл аралык мамиле куруусуна каршы чыгып келүүдө. Тайвань болсо өзүн Кытайдан көз каранды эмес субьект катары санайт. Аралдын өзүнүн конституциясы, армиясы жана өкмөтү бар.

2013-жылы президент Си Цзинпин жар салган “Бир кур, бир жол” демилгеси 2017-жылы Кытай Конституциясына киргизилип, Бээжиндин глобалдык инфраструктуралык өнүгүү фонду аркылуу Кытайды дүйнөнүн туш тарабы менен байланыштыруу максатын көздөйт. Кытайдын Афганистан боюнча миллиард доллардык долбоору 2049-жылы жыйынтыкталышы керек. Бул - Кытайдын Африкадан Европага чейинки аймакта эбегейсиз насыяларды сунуштап, бир кезде Батыш тескеп турган жерлерге орношуу саясатынын бир бөлүгү. Талкууланып жаткан сунуштардын бирине ылайык, Афганистан менен Пакистандын түндүк-батышындагы Пешавар шаары ортосунда чоң жол куруу каралган

Бүткүл дүйнө COVID-19 менен алек болуп турган учурда, Кытайда Нипах аттуу вирус жайыла баштады. Вирус дүйнөгө дагы бир пандемияны жаратып жатканы айтылууда. Учурда анын өлүм көрсөткүчү 75 пайызды түзөт. «Нипах вирусу жаңыдан пайда болуп жаткан жугуштуу оору, бул өтө кооптонууну жаратат. Нипахты каалаган убакта таратса болот. Вирус дары-дармекке туруктуу болушу мүмкүн”, - деди Джейасри К Иер, Голландияда жайгашкан Медициналык Фонддун аткаруучу директору. Нипах - сейрек кездешүүчү вирус, мөмө жеген жарганаттар аркылуу жайылат. Ага чалдыккан адамдар сасык тумоого окшогон белгилерди же бейтаптардын мээсине зыян келтириши мүмкүн. ДССУнун маалыматы боюнча, Нипах энцефалитти (мээнин олуттуу оорусу) же мээнин сезгенишин шартташы мүмкүн. 2021-жылы Нипах вирусу Индиянын түштүгүндөгү Керала штатында дагы жайылып, ал жерде 17 адам оорудан көз жумган. Андан бери Сауд Аравиясы жана Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу өлкөлөр Кераладан тоңдурулган жана иштетилген жашылча-жемиш азыктарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салышкан. Ошол учурда саламаттыкты сактоо кызматкерлери Пальма ширесин ичкен адамдар үчүн Бангладеш менен Индиядагы Нипах эпидемиясын айыпташкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями