www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандагы митингден кийинки башаламандык жөнгө салына баштагандан тарта аскерлер туурасындагы оң маанайдагы роликтер интернетке тарай баштады.

Аталган мамлекеттин Коргонуу министрлиги ошол оор күндөрү аскердик кызматын өтөп жүрүп үйүнө келген ефрейтор Аскар Ерасыл жана анын уулу Адилеттин видеосун таратканын Sputnik Казакстан жазды.

Андан кичинекей бөбөк камфуляжчан жана каска кийип турган жоокерди кучактап, аскердик оор кийим жолтоо кылганына карабай быйтыйган колдору менен кучактап, атасынын көздөрүнөн, бетинен өөп жатканын көрүүгө болот.

Четтен караган адамды элжиреткен бул ирмемдер адамдарды баары бир жагымдуу маанайга жетелеп, көңүлдүн кирин жуугандай абалга алып келет.

Маалыматта Адилеттин эки жашта экени айтылган.

Казакстандагы башаламандыкта ондогон адам каза таап, бир канчасы дайынсыз болууда. Көз жумгандардын арасында аскерлер жана жай жарандар да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости