www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиядагы мейманканалардын биринде чыккан өрттүн кесепетинен Кыргызстандын үч жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Өрт 3-июнда Нью-Дели шаарынын Мальвия Нагар районунда жайгашкан «Florist Inn» мейманканасында болгон. Өрттүн кесепетинен 21 адам каза тапкан, алардын ичинде Кыргызстандын үч жараны бар: Х.Н. (1976-ж.т.), Т.Х. (2003-ж.т.) жана К.М. (1950-ж.т.).
Индия тараптын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, мейманканада жашаган чет элдик жарандардын көбү Нью-Делинин медициналык мекемелерине дарылануу үчүн келишкен.
Кыргызстандын Индиядагы элчилиги Индиянын бийлик органдары жана каза болгондордун жакындары менен байланышта болуп, зарыл болгон консулдук көмөктү көрсөтүүдө.
Учурда документтерди тариздөө жана каза болгон Кыргызстан жарандарынын сөөктөрүн өлкөгө жеткирүү маселелери чечилүүдө.