www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Айсара Абдыбаева Кыргызстандын жараны Украинадагы согушка мажбурлап жөнөтүлгөнүн билдирди.
Ал 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 41 жаштагы тургуну У.М. Орусияда иштөөгө аргасыз болуп, ал жакта жеңил берене боюнча соттолгонун айтты.
«Анын жаза мөөнөтү 2026-жылдын 18-майында аякташы керек болчу. Бирок аны күч менен Украинадагы согушка жөнөтүшкөн. 6-майда Смоленск шаарындагы түрмөгө которуп, ошол эле күнү согушка барарын айтышкан. Видеокамерасы жок камерада сабап, үчүнчү жак анын атынан жазган арызга кол коюуга мажбурлашкан», — деди Абдыбаева.
Депутаттын айтымында, мамлекеттик органдарга кайрылуулар жыйынтык бербей жаткандыктан, ал бул маселе боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылууга аргасыз болгон.
«У.М. согушка катышууга каршы болгондуктан, аны мекенине кайтаруу зарыл. Эгер кайтарылбаса, ал аскердик аракеттерге катышканы үчүн Кыргызстанда жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн», — деп белгиледи депутат.