www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков агынды суулардан улам жарандардын массалык түрдө ооруларга чалдыгуу коркунучу жаралып жатканын билдирди.

Ал 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылындагы таштанды полигону Тар дарыясынын жээгинде жайгашканын айтты. Анын айтымында, таштандыдан чыккан агынды суулар түз эле дарыяга куюлуп, анын суусун жүздөгөн адамдар пайдаланып, балдар сууга түшүп жатышат.

«Бул маселе боюнча жергиликтүү бийликке көп жолу кайрылдым, бирок көңүл бурулбай жатат. Эртең массалык уулануу же жугуштуу оорулардын жайылышы мүмкүн. Ал жерге күн сайын тонна-тонна таштанды төгүлүүдө. Полигонду тез арада көчүрүү керек», — деди депутат.

Ошондой эле Өмүрзаков Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун тургундары борборлоштурулган канализация системасынын жоктугуна тынчсызданып жатканын билдирди. Алар көп кабаттуу үйлөрдүн саны көбөйүп жаткан шартта бул жагдай жер астындагы суулардын булганышына жана калктын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп кооптонушууда.

Последние новости