www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөндөн бери 1,2 миллиард долларга бааланган 3,7 миңден ашык долбоорду каржылады. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков билдирди.
Анын айтымында, фонд учурда ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын кайра карап чыгып, логистиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Ушул максатта жалпы каржылоонун 10 пайыздан ашыгы Кыргызстандагы логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө багытталган.
Новиков Евразия аймагында кампа жайларына болгон суроо-талап өсүп жатканын белгилеп, 2040-жылга чейин алардын көлөмүнө муктаждык дээрлик эки эсеге көбөйөрүн айтты.