www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликти басып алуу максатында массалык башаламандык уюштурган деген айып менен СИЗО-1де камакта жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматованын жүрөгү ооруп жатканын текшерүү учурунда аныкташкан. Бул тууралуу журналисттерге анын жактоочусу Гуляна Убалиева билдирди.

Адвокаттын айтымында, бир күн мурун Нарматова жеке медициналык борборго жеткирилген. Текшерүүдө дарыгерлер "биринчи даражадагы митралдык клапан пролапсы" деген диагноз коюшкан. Алар гастроскопия жасашкан эмес, анткени тергөөдө жаткан адам бул процедурага туруштук бере албай, шоктон каза болушу мүмкүн.

Гуляна Убалиева мындай оору менен СИЗОдо болуу кооптуу экенин кошумчалады. Кошумчалай кетсек, Орозайымдын апасы менен агасы жүрөгү ооруп, мурда каза болгон. Дарыгерлер ачкачылыкты токтотууну сунушташууда, бирок экс-депутат нааразылык акциясын улантаарын билдирген.

Белгилей кетсек, Бишкектеги СИЗО-1деги 17 айыпталуучу ачкачылык жарыялашкан. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова менен активист Перизат Суранованын абалы кескин начарлап кеткен.

Абактагылар ачкачылыктын кесепеттери үчүн жоопкерчиликти жеке президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, ошондой эле тергөөчүлөргө, прокурорлорго жана сотторго жүктөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости