www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия келерки аптадан баштап Россия менен соода алакаларында эсептешүүлөрдү рупий менен жүргүзүп баштайт.

Бул тууралуу Индиянын экспорттук уюмдар федерациясынын башкы директору Ажай Сахай “Mint” гезитине берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.

Анын айтымына караганда, Индия орус банктарына соода эсептешүүлөрү үчүн рупий эсептерин ачууга уруксат берген.

"Бир катар маселелер чечилди. Экспортчулар менен импортчулар рупий менен эсеп ачуу үчүн банктарга кайрыла башташты. Россия менен келерки аптадан тарта айрым жеткирүүлөр жаңы төлөм системасы боюнча эсептелери күтүлүүдө", - деп билдирди Сахай.

Маалыматка караганда, беш-алты банк атайын корреспонденттик эсептерди ачууга уруксат алышкан. Тактап айтканда, алардын бири IndusInd банкы. Анда алты востро эсеби ачылган, демек бул банкта Россиянын алты банкы эсеп ачты дегенди билдирет.

Эске салсак, ноябрдын башында Индия өкмөтү эл аралык соода эсептешүүсүндө улуттук валютаны колдонууга уруксат берген. Ошол эле учурда, июль айынын орто ченинде өлкөнүн Борбордук банкы тиешелүү циркулярды чыгарган. Ага ылайык, индиялык импортчулар товар же кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдү рупийде жүргүзүүсү керек. Ал каражат өнөктөш өлкөнүн корреспондент-банкынын атайын корреспонденттик эсебине чегерилет. Кайра ошол эле эсептен түшкөн каражат Индиянын экспорттоочуларына төлөнөт.

Ноябрдын ортосунда Индия Россия менен сооданын көлөмүн эки эсеге көбөйтүүгө ниеттенип жатканы билдирген. Москва Делиге мунай жеткирүүсүн көбөйткөндүктөн, акыркы убакта эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү алакалары кыйла өстү. Мурда Россиядан келген сырьё Индиянын жалпы керектөөсүнүн бир пайызынан азын түзсө, азыр 22 пайызга чейин жетти.

Белгилей кетсек, октябрь айында Россия Сауд Аравия менен Ирактан ашып өтүп, Индияга эң ири мунай жеткирген өлкөгө айланган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости