www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсенкул баатыр Куттуксейит деген уулуна Качыбектин кызы Үкүнү алып берет. Качыбек ошол замандагы алдыңкы билимдүү адамдардан болуп, ислам дининин аркалык кыргыздарга тарашына чоң эмгек сиңирген. Карагулдун баласы Кудаяр да чоң аалым болгон. Качыбектин атасы Карагул баатыр киши болуп, Аблай хан басып киргенде казактар менен кармашып жатып Чүйдө көз жумган. Анын өлгөн жери Карагул-Булак делип ушул күнгө чейин эл сыйынган мазарга айланган. Тагай бийден Кылжыр, Богорстон, Карачоро, Жедигер деген канынан чыккан «тонсуз» балдары болсо, азып жүрүп асыранды болгон Азык, Саяк, Черик, Коңурат жана башка толгон-токой «тондуу» балдары болгон. Кылжырдын Орозбакты, Дөөлөс деген балдары тың чыгышып, кыргызга баш-көз болушат. Эзелки заманда кыргызга катаган баш болот, андан кийин бийлик багыштардын колуна өтөт. Кылжырдын балдары да бийлик дегенде ак эткенден, так этишип, эр жигит эл четинде, жоо бетинде дешип атактары катуу чыккан соң , булар багыштан да зор болду, «зорбагыш» болду дешип Кылжырдын балдарын сарбагыш атка кондурушат. Сарбагыштар «илебине нан бышып» турган маалда, катаган туш-тарапка тарап кеткен кези экен, калган-каткан катаганды сүрүп барып, калмактарга чектеш жерге алып барып коюшат. Мунун себеби катагандар биринчиден согушчул, жоокер калк болсо, экинчиден калмактар менен кармашып кырылып, күчү азайсын деген эле кеп. Орозбакты (бугу) менен Дөөлөс (сарбагыш) бир тууган, бир Сарбагыштын (Кылжыр) балдары. Сарыбагыш мойну кылжыйып жүргөндүктөн Кылжыр деген кошумча ат аны ээрчип жүрөт.

Дөөлөстүн Манап деген уулу мыкты чыгып, ага Миңшакек деген кызды алып берет. Манап бийдин Миңшакек деген байбичесинен тараган тукуму Орозбактынын балдарын бугу атка кондуруп, сарбагыш деген атты өздөрү менчиктештирип алат. Манап бийден Сүтөй, Сүтүке жана калмак кызы Миңшакек байбиченин чаяндай болуп ичин жарып чыккан Жарбаң баатыр. Жарбаң баатыр калмактардын тамтыгын чыгарып, акесин окуткан. Сүтөйдөн Сарысейит, Тукур, Эшим жана башкалар.Тукурдан Олжотой, андан Тайлак, андан Чиркей, андан Карагул баатыр, андан Качыбек, андан Үкү.

Кыргыз элин бийлеп турган Үчүке бий Олжотойду Коконго элчиликке жиберет. Аны менен кошо тестиер бала Түлкүнүн Тынайы да ээрчип алат. Кокон Бухара эмирдигинен бөлүнүп, өз алдынча бийлик жүргүзүп жаткан учур болсо керек, Кокон бийлиги аркалык кыргыздарды сыйлоо үчүн элчиге келгендерди таманына төбөсүнө чейин кийинтет. Элчи башчысы Олжотай бийдин бутуна чак бут кийим таппай, атайын чарыктан тиктирип берген имиш. Кокондон чыкканда эле жаш Тынай «буту чоң, чоң чарык» - дей баштайт, тыйганына карабай, ошондон Олжотой бийдин тукуму «чоң чарык» аталып калган.Тынайдын атасы Түлкү Үчүке менен Жаңыл мырзаны алганы барып, экөө жаанын огуна кабылган. Түлкү күчтүү эле баатыр болгон, ал күйөөлөп барып, баатырдык сынынан жазбай элге жагат, Жаңыл мырзага жагат, бирок анын ити шимшилеп келгенде “Канчыктын канчыгы келген тура” –деп койот. Муну уккан Жаңыл мырза Түлкүнү Үчүкеге кошуп жаа менен тартып салат. Түлкүнүн Дарканынан Тынай, Сарсейиттин байбичеси Тынайдын таластык энесин кетирет, ошондо кетип баратып, бетинен бир өөп алайын деп: “Үчүкенин үч баласы күн көрсөтпөйт го” – деген ал эмчектеги сүтүн бешикке саап ыйлап кеткен экен.  Сарсейиттин байбичеси кетирип жибергенде, аны Саруу алган, ошону кийин Шабданга Солтобай ырчы айтып жатпайбы:

 Акыңды алгын жөө тынай,

Айдап койгон таруудан.

Энчиңди алгын, жөө тынай,

Энеңди алгын саруудан.-деп.

Олжотойдон Тайлак, Берик жана башкалар. Эсенгул Эсенгул болуп турганда чоңчарыктардын бир даары Балык манасчынын бабалары Эсенгул менен журт талаша кетип, Эсенгул баатыр чоңчарыктын бир ыптасын Кетмен-Төбөгө көчүрүп жиберет. Балыкооз атка конгон Бекмураттын чоң атасы Курманбек да наристе кезинен Кетмен-Төбөдө чоңойот. Балык Таласка, андай Чүйгө келип, Байтик менен Боз-Бөлтөктүн айланасын жердеп калат. Анын уулу Найманбай абдан чоң ырчы болгон. Дагы бир уламыш боюнча улак табылбай издеп жүрүшсө Олжотойдун чокоюнда жатып алыптыр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

Последние новости