www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын абагында эс-учун жоготкон саясат талдоочу Марат Казакпаев мурдагы күнү ооруканага жеткирилип, кечээ күнү 56 жашында эсине келбеген бойдон каза тапты. Мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен ал былтыр апрелде кармалган, анын иши эксперт Эрнест Карыбековдукуна окшош, ал дагы Атамбаевдин учурунда мамлекетке чыккынчылык кылган деп күнөөлөнүп, 20 жылга кесилген.
Өз акыл-эси жана сүйлөгөн сөзүнөн башка Казакпаевдин эч куралы болгон эмес. Мурда ал эч бир мамлекеттик кызматта иштеген эмес, ошондуктан, чыккынчылык кыла тургандай купуя сырга ээ эмес болчу. Бир жылдан ашык мезгилден бери ага карата ачык тергөө жүргүзүлгөн эмес, ошондуктан, анын өлүмүнө күч түзүмдөрү күнөөлүү деп айтуу мүмкүн.
Азыр ошондой эле окшош кырдаал «Акнет» компаниясынын президенти Кубан Ажимудинов менен дагы түзүлдү. Күч түзүмдөрү «Акнетти» ачыктан-ачык эле рейдерлик жол менен басып алган, Ажимудинов болсо 2019-жылдын май айынан бери – эч кандай сот чечими болбосо дагы, 3 жылдан бери камакта. Анын дагы, Казакпаевдикиндей, көптөгөн оорусу бар.