www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британия менен АКШ бийлиги өзүн “Донецк Элдик Республикасы” (“ДЭР”) деп атап алган жикчилдердин украин тарапта согушкан чет элдиктерди өлүм жазасына тартканын кескин айыптады.
Британ тышкы иштер министри Лиз Трасс кармалгандар “аскердик туткун” болуп саналарын жана аларга чыгарылган өкүм “таптакыр мыйзамсыз” экенин Твиттердеги баракчасына жазды. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусияны жана ал көзөмөлдөгөн аймактардагы күчтөрдү эл аралык укуктарды сыйлоого чакырып, туткундарга карата мамилени сынга алды.
Украинанын Донецк облусунун аймагындагы жикчил түзүмдүн соту 9-июнда украин армиясынын катарында согушуп жаткан үч чет элдик жаранды өлүм жазасына тарткан. Алар "жалданмачылыкка" жана "бийликти куралдуу басып алууга айыптуу" деп табылды.
Жикчил түзүмдүн мыйзамдарына ылайык, британиялыктар Шон Пиннер менен Эйден Аслин, марокколук Саадун Брагим атууга кетет. Аларда сот өкүмүн даттанууга бир айлык мөөнөт бар. Донецкидеги сот эки күнгө созулду.
Пиннер менен Аслин Мариуполдогу, Брагим Волновахадагы кармаштарда туткундалган. Үч жаран тең Украинага Орусия басып киргенге чейин кирген жана бир нече жыл бою украин куралдуу күчтөрүндө келишим менен иштеген.
Мурдараак орусиялык мамлекеттик "Россия 1" телеканалы Шон Пиннер менен Эйден Аслиндин өз күнөөсүн мойнуна алган видеосун жарыялаган. Алар анда Британиянын премьер-министри Борис Жонсонго кайрылып, өздөрүн Киевде камалган орусиячыл саясатчы Виктор Медведчукка алмаштыруусун өтүнгөн.
48 жаштагы Пиннер менен 28 жаштагы Эслин бул видеого кандай шартта тартылганы белгисиз. Чет элдиктердин жакындары алар интервьюну басым астында бергенин билдиришкен. Алар ошондой эле Пиннер менен Эслин Украинанын куралдуу күчтөрүндө расмий кызмат кылышканын, жалданмачы катары кабылданбашы керектигин да айтып чыгышкан.
Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди.
Эки аймакты тең Орусиядан башка бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес. Алар экөө биригип бир көмүр бассейнинде турганы үчүн Донбасс деп аталат.
Булак: NazarNews.kg